Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу оорулар бейтапканасында оорулуулар палатага батпай, коридорго жаткырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин билдирсе, эпидемиологдор сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү (H3N2) каттала баштаганын айтышты.
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында Эрлан Батыралиев аттуу жаран ур-токмокко кабылып, ошол эле күнү ооруканада каза болду. “Адам өлтүргөн” деп шектелип төрт киши кармалды, анын экөө милиция кызматкери. Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын айтып берип, адилет териштирүүнү талап кылууда.