УТРК Спорт телеканалынын жамааты Париждеги Жайкы Олимпиаданы чагылдырууда чыңалуу абалында иштеди. Анын себептерин каналдын продюсери Шайырбек Арапов "Сергек жашоо" подкастында айтып берди. Каналдын дарегине айтылган сын-пикирлер, лицензия сатып алуудагы көйгөй жана тил саясаты жөнүндө да сөз болот.
"Сергек Жашоо" подкастынын коногу – Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Талант Калыков. Ал элди сергек жашоого үндөп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту тыюуга чакырып, кыздарга аталардын колдооcу канчалык маанилүү экенин даңазалап жүрөт.
Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти.
1920-30-жылдардагы репрессия маалында “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, легерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар кармалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандык аялдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова менен талкуулайбыз.
Сел Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды катуу түйшүккө салууда. Бишкек эл аралык деңгээлде тоонун экосистемасын коргоого глобалдык алкакта чара көрүүгө чакырып келет. Климаттык дипломатия боюнча эксперт Дастан Абдылдаев “Жер Эне” подкастында ушул жана башка суроолорго жооп берди.
"Адилеттик издейм" подкастына Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков кайрылган. Ал 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын жана башка көйгөйлөрү тууралуу айтып, соттун адилеттүү чечимин күтүп жатканын айткан.
27 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.