Кыргызстанда желим таштанды көйгөйүнө каршы күрөшүү чакырыктары эмнеге соцтармакта, жыйындарда гана айтылып, реалдуулукту маселеге көңүл бургандар өтө аз болуп жатат?
Технология өнүккөнү психологияда санарип көз карандылык түшүнүгү пайда болду. Бирок медицинада азырынча мындай диагноз жок. Гаджеттерге көз карандылык маселеси жакын келечекте коомго, анын ичинде жаңы муунга кандай таасир этиши мүмкүн? "Сергек жашоо" подкастында ушул темага кайрылабыз.
Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы кандуу окуялар, кыргыз элинин өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.
Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Жабдууларды дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, окумуштуулар чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Геолог Рустам Орозбаев "Жер Эне" подкастында ушул маселелер тууралу кеп курду.
Бул ирет туздун ден соолукка пайда-зыяны тууралуу кеп кылабыз. Айрым маалыматтар сизге жаңылык да болушу мүмкүн. Бишкек шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Тамак-аш бөлүмүнүн дарыгери Майрамбүбү Иманкулова тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургуну Саламат Алымбаева сатып алган жер тилкесине үй салып, бирок узак жылдан бери документи бүтпөй жүргөнүн айтып кайрылды. Буга чейин бул конушта бир эле жер тилкеси бир нече жаранга сатылып, жер талашкан учурлар катталган.
Кыргызстанда экологияга кам көрүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын милдети деген түшүнүк калыптанып жаткан жокпу? Таштанды таштоо маданияты эмне үчүн негизги көйгөйгө айланды? “Жер Эне” подкастында экологдор Гамал Сооронкулов жана Бактияр Асанов менен баарлашуунун экинчи бөлүгүн угууга чакырабыз.
Адамдын иммуножетишсиздик вирусу, дискриминация, кыргыз бийлигинин дартка каршы күрөшүү дарамети тууралуу сөз кылабыз. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана Адамдын иммуножетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов жооп берет.
1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адамдар ата журтун таштап качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында конокто тарыхчы Гүлзада Абдалиева.
Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт.
25 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.