Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
Жергиликтүү жана эл аралык кабарлар, ар кыл орчун окуялар тууралуу репортаж, маек, күндөлүк басма сөзгө баяндама, тегерек үстөл баарлашуусу, талкуу, аналитикалык баян, сереп жана башка берүүлөрдөн тур... more
FAQs about Таңкы Азаттык:How many episodes does Таңкы Азаттык have?The podcast currently has 606 episodes available.
November 20, 2025Жаңылыктар | 20.11.2025 | "Кыргызстанда цехтер четинен жабылууда". Тигүү тармагын сынаган Орусиянын жаңы талабыМосква талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чегинде такалып калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын, маселени жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө....more30minPlay
November 19, 2025Жаңылыктар | 19.11.2025 | "Ооруканага кайрылгандар өтө көп". Кыргызстанда сасык тумоо күч алдыКыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу оорулар бейтапканасында оорулуулар палатага батпай, коридорго жаткырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин билдирсе, эпидемиологдор сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү (H3N2) каттала баштаганын айтышты....more31minPlay
November 18, 2025Жаңылыктар | 18.11.2025 | Адам өлтүрүүгө шектелип эки милиция кызматкери кармалдыЫсык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында Эрлан Батыралиев аттуу жаран ур-токмокко кабылып, ошол эле күнү ооруканада каза болду. “Адам өлтүргөн” деп шектелип төрт киши кармалды, анын экөө милиция кызматкери. Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын айтып берип, адилет териштирүүнү талап кылууда....more30minPlay
November 17, 2025Жаңылыктар | 17.11.2025 | “Бөрк ал десе, баш алгандай”. Мэрлердин жүрүм-туруму талкуудаБишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине байланышкан соңку окуялар жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасына байланыштуу талкуу жаратты. Соңку кездери Кыргызстанда айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине, жарандарга корс мамиле жасаганы, ачык кагып-силккени көндүм адатка айланды. Мындан улам коомчулукта сын-доомат көбөйдү. Президент Садыр Жапаров дагы жетекчилерди орой болбоо тууралуу эскертти....more30minPlay
November 16, 2025Жаңылыктар | 16.11.2025 | Кытайлыктар аралашкан мушташ: Коомдогу нааразылык, бийликтин жообуЧүйдүн Константиновка айылынын жанында курулуш компанияларында айдоочу болуп иштеген кыргыз жана кытай жарандарынын мушташы боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду. Соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, бийлик жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда....more30minPlay
November 15, 2025Жаңылыктар | 15.11.2025 | Трамп Кошмо Штаттар ядролук сыноо өткөрүүгө даяр экенин билдирдиКошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШ ядролук сыноого даярдыгын билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип бул "жакын арада" болорун айтты, бирок мөөнөтүн, чоо-жайын тактаган жок....more30minPlay
November 14, 2025Жаңылыктар | 14.11.2025 | "Сазга батырган". Жапаров Атамбаевдин энергетика боюнча дооматына жооп бердиМамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагы боюнча айткан сынына 14-ноябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде жооп берди. Атамбаев Жапаровдун энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу үн каткан эле....more30minPlay
November 13, 2025Жаңылыктар | 13.11.2025 | Орус-казак чек арасында узун кезек: түйшүк тарткан кыргыз ишкерлериОрус-казак чек арасында соңку үч айдан бери оор жүк тарткан унаалардын өтүшү татаалдашты. Орус тарап муну контрабандалык товарды Казакстан аркылуу Орусияга ташыган жүк ташуучулардын өтүшүнө чек коюш үчүн текшерүү күчөтүлгөнү менен түшүндүргөн. Мындай жагдай Кыргызстандын тигүү тармагына кесепетин тийгизиди. Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарлары дээрлик өтпөй калганын, айрымдары жабыла баштаганын айта баштады....more30minPlay
November 12, 2025Жаңылыктар | 12.11.2025 | Энергетика министри бардык майнинг фермалар ишин токтотконун айттыЭнергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын билдирди. Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал кылды....more31minPlay
November 12, 2025"Уйку качып, ой басты". Жан ооругандагы кыйкырыкАкыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө. Алардын белгилешинче, мындай симптомдордун айынан коомдо суицид, агрессия өңдүү түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өлкөдөгү менталдык оорусу барларга мамиле, дарылоо ыкмалары кандай? Кыргыз психиатриясы өнүгүүдөбү? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн ушул суроолорго жооп издейбиз....more27minPlay
FAQs about Таңкы Азаттык:How many episodes does Таңкы Азаттык have?The podcast currently has 606 episodes available.