Share "Токой тили"
Share to email
Share to Facebook
Share to X
By Gulnaz Kambaralievna
The podcast currently has 14 episodes available.
Азыркы учурда дүйнөлүк проблемага айланган экологиялык маселелер тууралуу "Туруктуу өнугүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү" боюнча 5 жылдан бери Кыргызстандын түштүгүндө Базар-Коргон районунда окутуулар болгон. Окутуу эмнелерди берет? Максаты кандай? Окуучулар жана мугалимдер кандай кабыл алып жатканы боюнча тренерлер Нурсыйда Базаркулова, Гулнара Пусурова Адылбек кызы Нуризалар менен баарлаштым.
Салам! Бул “Токой тили” подкасты.
Жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин КМШнын көптөгөн өлкөлөрүндө “Парктардын маршы” экологиялык акциясы өткөрүлөт. Бул акциянын жүрүшүндө улуттук парктар жана коруктар эшигин ачып, алардын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жаратылыш аймактарын колдоо жана сактоо идеясынын айланасында биригишет.
Быйыл Парктар маршы “Табигый экосистемаларды – сактоо жана калыбына келтирүү” деген ураан астында өтүүдө. Бул чакырык БУУнун 2021-2030-жылдарды экосистеманы калыбына келтирүүгө арналган он жылдык деп жарыялоосун кайталайт. Табигый экосистемалар климаттын өзгөрүшүн жөнгө салууда адамдын негизги жардамчысы болуп саналат. Бирок адам көп учурда мындай жардамды баалабайт. Анын туура эмес иш-аракеттеринен - токойлорду ашыкча кыюу, саздарды кургатуу, айлана-чөйрөнүн булганышы - экосистемалардын деградациясына алып келет. Натыйжада бул климаттык процесстерге, демек, адамдардын жыргалчылыгына терс таасирин тийгизет. Базар-Коргон районунда «Парктар маршы» акыркы бир нече жылдан бери Дашман мамлекеттик коругунун аймагында өткөрүлүп келет, иш-чара быйыл да четте калган жок: акция коруктун аймагында 31-майда өттү. Кызматкерлер өздөрүнүн резервин Фергана өрөөнүнүн «жаңгак казынасы» деп аташат».
Аз күндөрдөн кийин көпчүлүк Базар-Коргондуктар үчүн өтө жооптуу мезгил – жаңы жайыт мезгили келет. Кыштактардагы малдар, жакын жайлоого айдалат же салт боюнча жайлоого жөнөтүлүп, күзүндө гана кайтып келет. Биздин жана коңшу облустарда жаңгак токоюнда жайлоодо жүргөн малды көп кездештирүүгө болот.
Малдын токойго келтирген зыяны тез арада көңүл бурууну талап кылган эң курч көйгөй болуп саналат. Аны кантип чечуу керек жана малдар болжолдогондой жайытта багылат, ал эми жерлер өз кезегинде кыйрап калбай, малды толук тоют менен камсыз кылуу учун эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорго бүгүн менин конокторум - Акман айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Медет Исаков жана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Зулум Семетеев жооп беришет.
Салам! Бул Токой тили подкастынын биринчи эпизоду. Сиздер менен Гулназ Камбарали кызы. Подкастта биз токойдун тилинде токой жөнүндө сүйлөшөбүз!
Жаз - биздин токойдун жаңы жаралган мезгили: бак-дарактар жана бадалдар жаш жалбырактарга ээ болуп, аба гүлдөгөн бадам, өрүк, алма бактарынын жытына толуп, жер астынан уламдан-улам жаңы чөптөр чыгып жаткан керемет мезгил. Бирок мунун баарына жашыл жана сулуулукка дароо кам көрүү жана көңүл бурууну талап кылат. Токойдо жазгы талаа иштери башталат.
Салам! Менин атым Гүлназ Камбарали кызы. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам.
Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!.
Аида Медетбек кызынын тагдыры, анын ийгиликтери, дин жана үй-бүлө маселеси боюнча "Кел баарлашалы" подкастынын алтынчы саны жарыкка чыкты. Маек өтө кызыктуу, таасирдүү жана ар бир аялга дем күч бере алган мотивацияга ээ подкаст.
Ар бир апа "Мен жакшы апамынбы?" деген суроону өзүнө берет? Мен балдарыма жакшы тарбия бердимби, мээрим төгүп, анын ичиндеги уйгу-туйгусун, көйгөйлөрүн чече алдымбы же жумуш, тиричилик, байлык, акча деп жүрүп балама көңүл бура албадымбы?-деген суроолордун тегерегинде "Кел баарлашалы" подкастынын бешинчи саны жарык көрдү. Подкастта апалар балдары, өздөрү жөнүндө кандай апа экендиги жөнүндө айтып беришет.
Подкаст "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен даярдалды. Айтылган ой-пикирлер "Соро-Кыргызстан" фондунун көз карашын билдирбейт.
Жашоонун оор кыйышына карабай аял күчтүү экенин дагы бир жолу далилдегим келген бул подкастта каарманым Айсезим турмушундагы кездешкен оор түйшүктү жеңип, өз каалаган аскердик кесиптин ээси болгонун анын турмуш жолундагы көргөн кордуктары жөнүндө баяндайт. Бул подкасттан ар бир аял өзүнө мотивация алат деп ишенемин
Ички мигранттардын жана эмгек мигранттарынын балдары Кыргызстандагы балдардын эң аярлуу топторунун бири болуп эсептелинет. Өлкө боюнча 500 миңден, 1 млн го чейин апалар мигранттар. Ошол миграцияда жүргөн апалардын балдарын баккан тайне, чоң энелердин көйгөйлөрү, чет мамлекеттке кетип жаткан аялдын сезимдери, анын уйгу-туйгусу, ойлору менен ушул подкастта таанышасыздар.
КАЙЫН ЭНЕ-сени келин кылганга чейин кыялынан сан миң кызды өткөрүп, ошол кыздардын арасынан сени перзентине ылайык көргөн аял. КАЙЫН ЭНЕ -сенин жолдошуң үчүн жанын берүүгө даяр болгон жана тарбиясы тилинде, мээрими жүрөгүндө катылып жаткан сабырдуу аял. КАЙЫН ЭНЕ - сени канча жемелесе да, перзенттеринди сенден артык жакшы көргөн аял.
Кайнене менен келиндин ортосундагы мамилеси жөнүндөгү подкаст.
The podcast currently has 14 episodes available.