Share Асанбек Пазыл
Share to email
Share to Facebook
Share to X
Кыргыз Республикасынын Альпинизм федерациясынын Вице-президенти Илим Карыпбеков 16-июлда Чоң-Алайдагы 7134 метр бийиктиктеги Ленин пикти багындырды. Ал бул ийгилигинен кийин Eurasia Today сайтына маек куруп, Ленин пикке чыгып түшкөндөгү кыйынчылыктар, кубанычтар тууралуу кеп салды. Карыпбеков кыл чокуда туруп жеңишин онкологиялык оорулар менен алпурушкан бейтаптарга арнап, дүйнө элдерин бул оорулууларга жардам берүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен жаңы окуу жылынан тартып өлкөбүздүн баардык мектептеринде менчигинин түрүнө карабастан “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизилүүдө. Бирок бул маселенин тегерегинде коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Биз теолог, дин социологиясы боюнча адис, “Ислам изилдөө илимий институтунун директору Маметбек Мырзабаев менен маектештик.
Жакында “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” аттуу үч бөлүктөн турган китептин биринчи тому жарык көрдү. Ага XX кылымдын 20-30-жылдарындагы куугунтук курмандыктары тууралуу документалдуу маалыматтар камтылган. Китептин автору, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев бул эмгекти дээрлик 15 жыл топтогон. Анын айтымында, куугунтук курмандыгы болгон жарандар тууралуу китептин кийинки томдору жакынкы убактарда чыгат. Бул эмгектин уникалдуулугу эмнеде экенин автордун оозунан угалы.
Акыркы убактарда коомчулукта китеп окууга болгон кызыгуу көбөйүп баратканы байкалууда. Аны менен катар дүйнөлүк популярдуу, бестселлер китептерди которуу иши да жандана баштады. Учурда онго жакын басма үйлөр менен коомдук фонддор котормо менен алектенип жатышат. Мындай китеп которуу менен алектенгендердин бири “Китепстан” басма үйүн айтууга болот. Анын жетекчиси Бакытбек Абдуллаев Eurasiatoday сайтына маек куруп, бул жумуштун ысык-суугун айтып берди. Ошондой эле азыр коомчулуктун китеп окууга болгон мамилеси өзгөргөнүн белгилеп, китеп окууну жайылтуу жолдорун сунуштады.
Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликке келгенден кийин кошуна мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда айрым террордук топтор баш көтөрүшү мүмкүн деген божомолдор айтылган. Учурда Кыргызстанда диний радикалдуу топтордун аракети байкалган жокпу деген суроонун айланасында Теология илимдеринин доктору, доцент Ниязалы Арипов. Ага диний багыттагы башка суроолор да узатылды.
Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганистанда бийликти толук колго алгандыгын жарыялагандан бери эки айга жакын убакыт өттү. Бирок алардын бийлигин эл аралык коомчулук расмий түрдө тааныбаган менен кыйыр түрдө кызматташып, ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ошол эле учурда Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери талибдердин кол салуусунан чочулап, чектеш аймактарда өз ара жана биргелешкен аскердик машыгууларды жүргүзүүдө. Деги эле “Кошуна мамлекеттерге кол салбайбыз”,- деп жарыялаган менен “Талибандын” биздин чөлкөмгө кандай коркунучтары бар? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде дин маселелри боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.
“Качкын” деген ким? Бул статусту алган чет өлкөлүк жаран ошол мамлекеттен акчалай жардам алабы? “Качкын” статусуна ээ болгон адамдар кандай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат? Эгер Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келсе, аларды алгачкы кабыл алуу процедурасы кандай? Памирдеги этникалык кыргыздарды азыр кандай алып келебиз? Алар качкын болобу же болбойбу? Мына ушул сыяктуу суроолорго белгилүү мигациялык юрист Азизбек Ашуров түшүндүрмө берди.
“Көк бөрү” оюну – Ооганстанда популярдуу ат оюндарынын бири боло баштады. Алар «Боз кеши» деп аташат. Муну акыркы жылдары улуттук оюн катары ооган коомчулугуна активдүү киргизе башташты. Оюндун ыкмаларын Кыргызстандан үйрөнүп, кыргыздардын ыкмаларын көбүрөөк үлгү кылышууда. “Көк бөрүгө” кызыккандар аттарды Кыргызстандан сатып кетишүүдө. Жакында эле 4 ат алып кетишти. Бул өлкөдө саясий кырдаал туруктуу болбогондуктан, ээн эркин ат минип, оюн уюштуруу кооптуу. Андыктан, атайын аскерий күчтөрүнүн коопсуздукту сактап берүүсү менен гана өтөт.
Ооган элинин “Көк бөрү” тартуу ыкмалары тууралуу угуңуздар.
Фото: Зафер Динчер
Белгилүү актёр, кинорежиссёр Бакыт Мукул менен өзүнүн чыгармачылыгы, бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун абалы жана жалпы эле маданият тармагынын түмөн-түйшүктүү, көйгөйлүү маселелери тууралуу маектештик.
Маекти кесиптешим Эмилбек Момунов алып барат.
Бул чыгарылышта ислам дининин бир бутагы катары саналган салафизм тууралуу кеп кылабыз.
Дегеле салафизм багыты кайдан келип чыккан? Анын Борбор Азия мамлекеттеринде ишмердүүлүгү кандай жана көздөгөн максаты эмне? Бул аймактагы мамлекеттеринин салафизмге каршы биргелешкен кандай координацияланган иш аракеттери бар? Бул агымдын Борбор Азия чөлкөмүндө жайылтуунун максаты эмне жана чөлкөмгө канчалык коркунуч жаратат?
Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандагы дин маселелери боюнча белгилүү эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун мурдагы орун басары Канатбек Мурзахалилов менен маек жүргүздүк. Маекти кесиптешим Эмил Момунов алып барды.
The podcast currently has 17 episodes available.