
Sign up to save your podcasts
Or


Миграциялык агым Айгүлдү (аты өзгөртүлдү) да жөн койбой, аны Ооганстандын Кабул шаарына 2015-жылы алып барат. Бул өлкөдө жашоо кооптуу болгонуна карабай, тобокелчилик менен иштеп жүрөт. Бирок ал бир жылдан кийин террордук чабуулга туш болот. Айтып отурса, зээниң кейийт. Кадимки эле кино.
Ал чабуулда Айгүл менен кошо кыргыз улутундагы дагы 7 кыз болгон. Алар бир бөлмөдө өз өлүмүн күтүп 13 сааттай отурушат. Террордук топтун өкүлдөрү акыры кирип бараарына бөркүндөй ишенип: "Киришсе эле жардырат же атып өлтүрөт, ошондо жок дегенде биздин жүзүбүз таза калсын, бетибиз аркылуу таанышсын",-деген максатта эшикке артын салып отурушат. Жакын арада чыгып жаткан автоматтын атылганы, жарылып жаткан гранаталар, акыркы дем менен кыйкырып, өлүп бараткан адамдардын үндөрү - аларды мындар ары жашоого үмүтүн такыр үзөт... Бири-бири менен бир нече жолу коштошушат...
Тилекке жараша, Айгүлдөр куткарылат... Ал күн коркунучтуу жана унутулгус болуп анын эсинде түбөлүккө сакталып калды.
Ооганстанда террордук чабуулдан куткарылган Айгүлдүн окуясын угуңуз...
P.S.: Иллюстрациялык сүрөт колдонулду
Коронавирус илдети адеп башталганда, аны менен күрөшүү, алдын алуу чаралары тууралуу кеп болот.
КР Эл жазуучусу Султан Раевдин бул «Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини» деген ой толгоосу – адамды адам катары өзүн таанып билүүсүнө үндөйт. Коронавирустук пандемиядан улам, карантинге кеткен бүткүл дүйнө жүзүн бир саамга ойлонууга чакырат. Бул карантин – абийир карантини!
Подкастты уксаңыз жан дүйнөңүз жашылданып, көңүлүңүз ачылат. Абийир карантининде бир саамга ойлоносуз.
Жолболду Алыбаев деген ат фольклордук чыгармаларды аткарган инсанга таандык деп билебиз. Ал заманчыл акындардын чыгармаларына жана элдик ырларга кайрадан жан берип, 70-80-жылдары эл оозуна алына баштаган. Лирикалык “Чолпонум” аттуу чыгармасы эмдигиче актуалдуулугун жоготкон жок. Анын аткаруусундагы ырларды, дастандарды улуу муундун өкүлдөрү эмдигиче күтүп жүрүп угушат.
Кайберенге аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, бул материал менен адамдарды кийикке чыгууга үндөбөйбүз. Болгону ууга чыгып, жолу болгон мергендердин салттарын айтып бергени турабыз.
Азыркы учурда аңга курал көтөргөндөр четтен чыгат. Тыюу салуу менен болбосу анча-мынча кайберендин этин жеп калганыбыз айгинелейт. Бирок ошентсе да, өмүрүндө кийикке чыгып, аң уулоону адат кылып, кийин ал кесибин неберелерине өткөрүп берген алай-куулук Байдылда аксакалды кепке тарткан элек. Ал, кайберенге ууга чыгуунун илгертен калган салттары, атып алса, кошо баргандарга бөлүү, кайтып келе жаткандагы “шыралганын” маани-маңызы жана башка ушулар сыяктуу, эстен чыгып бараткан салттары тууралуу айтып берди.
Америкалык скрипкачы, музыкант Гаэлинн Ли менен тааныштырабыз. Ал тубаса майып. Башкача айтканда, колу-бутунун сөөктөрү өспөй калган. Андыктан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоп жүрөт. Ли скрипканын кылдарында кол ойнотуп, жан дүйнөсү музыкага багынган. Ал бир топ мамлекеттерге чыгып, концерт коюп келгенге да жетишкен. Жакында Гаэлинн Ли Борбор Азия мамлекеттерине он-лайн концерт берди.
Ал Кыргызстандан “Биринчи радионун” суроолоруна да жооп бергенге үлгүрдү. Ли тууралуу подкасттан толук угуңуз.
Эгер, “Кезүү” подкастын толук уксаңыз, кой кайтарган жаштык кезиңизге барасыз, кезүүгө көтөрүп барган азыгыңыздын даамын татасыз. Кой кайтарып жүрүп, күңгөйдүн ышкыны менен боткогун терип жеген жайыттар барып келесиз.
Айтмакчы, бул подкастты угуп болгондон кийин айылга барып, бир күн кезүү кайтарып келиңиз!!! Жандыкты жайытка жайып коюп, асманда чакчагайдын сайраганын тыңшаганча, алып барган тамагыңызды татып, атты тээ кырга аркандап, чалкалай жата китеп окуйсуз. Кезүүнүн алды-артына көз салып, бийик чокуга чыгасыз дагы микробу жок тоолордун абасынан кере-кере дем аласыз.
Эмесе, кеттик айылга, айыл жыттанган, кезүү жыттанган подкастты угалы!!!
From the publisher's feed