Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 968 episodes available.
September 20, 2024Кечки Азаттык (1-чыгарылыш)Бул үналгы берүү ар күнү Бишкек убакыты боюнча саат 18:00ден 18:30га чейин обого түз чыгат....more30minPlay
September 03, 2024УТРК Спорт каналынын көшөгө артындагы көйгөйлөрүУТРК Спорт телеканалынын жамааты Париждеги Жайкы Олимпиаданы чагылдырууда чыңалуу абалында иштеди. Анын себептерин каналдын продюсери Шайырбек Арапов "Сергек жашоо" подкастында айтып берди. Каналдын дарегине айтылган сын-пикирлер, лицензия сатып алуудагы көйгөй жана тил саясаты жөнүндө да сөз болот....more35minPlay
August 25, 2024“Дарыгерлер психологго муктаж”"Сергек Жашоо" подкастынын коногу – Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Талант Калыков. Ал элди сергек жашоого үндөп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту тыюуга чакырып, кыздарга аталардын колдооcу канчалык маанилүү экенин даңазалап жүрөт....more19minPlay
July 31, 2024"Азиздердин футбол командасын түзөбүз"Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти....more30minPlay
July 29, 2024"Кыргызстанда өскөн жер-жемиштин сапатын Дрезденде изилдейбиз"Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева менен маекти сунуштайбыз. Ал Кыргызстанда өскөн жер-жемиш жана балдын сапатын изилдейт....more28minPlay
July 04, 2024Репрессияланган аялдар: Кыргызстандагы лагерь1920-30-жылдардагы репрессия маалында “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, легерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар кармалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандык аялдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова менен талкуулайбыз....more26minPlay
June 24, 2024"Тоо өзгөрсө анын кесепети жалпы дүйнөгө тийет"Сел Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды катуу түйшүккө салууда. Бишкек эл аралык деңгээлде тоонун экосистемасын коргоого глобалдык алкакта чара көрүүгө чакырып келет. Климаттык дипломатия боюнча эксперт Дастан Абдылдаев “Жер Эне” подкастында ушул жана башка суроолорго жооп берди....more22minPlay
June 14, 20241930-жылдары Кыргызстанга сүргүнгө айдалган азерлер“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдары кулакка тартылып, кыргыз жеринде орун-очок алган азерилер тууралуу айтып беребиз....more15minPlay
June 14, 2024"Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков"Адилеттик издейм" подкастына Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков кайрылган. Ал 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын жана башка көйгөйлөрү тууралуу айтып, соттун адилеттүү чечимин күтүп жатканын айткан....more27minPlay
June 12, 2024Желим баштыктан арылуу аракети үмүттү актайбы?Кыргыз бийлиги 2027-жылдын 1-январынан желим баштык жана идиштерди өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеши ал мүмкүн эместигин айтып, мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштады. Желим баштыкка тыюу салуу тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыруу аракети өзүн актап жатабы?...more19minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 968 episodes available.