Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 968 episodes available.
April 13, 2024Таштандыны таштаганды ким үйрөтөт?Кыргызстанда таштандыны иргөө маданияты эмнеге калыптанбай жатат? Таштандыны кайра иштеткендер эмне үчүн көмүскө жумуш кылууну туура көрүшөт? "Жер Эне" подкастында ушул маселеге кайрылабыз....more28minPlay
April 09, 2024Эмоционалдык чарчоо: аракка же динге берилүүнүн себептери (2-бөлүк)Эмоционалдык чарчоого кабылган адамдар ушул абалдан чыгуу үчүн кандай жолду издейт? Эмнеге бир адамдар ичкиликке, башкалары динге берилип кетет? Эмоционалдык чарчоонун белгилери кандай жана андан кантип сактанса болот? "Сергек жашоо" подкастынын экинчи бөлүгүндө психолог Жакшылык Жыргалбеков менен ушул суроолорго жооп издейбиз....more30minPlay
April 01, 2024“Ата-Бейит”: тарыхка кайдыгер мамиле, айтыла элек фактылар"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган? “Куугунтук курмандыктары" подкастында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов менен репрессия курмандыктарына арналган музейдин мааниси, мемориалдык музей кандай болушу керек деген суроолордун тегерегинде талкуулайбыз....more35minPlay
March 25, 2024Эмоционалдык чарчоо: таасири жана кесепети (1-бөлүк)Эмоционалдык чарчоо эмне болгон симптом жана анын адамдын жашоосу менен менталдык саламаттыгына таасири кандай? "Сергек жашоо" подкастында пcихолог Жакшылык Жыргалбеков бул тууралуу кенен маалымат берет....more27minPlay
March 17, 2024"Жүн менен кошо миң сомдуктар өрттөлөт""Жер Эне" подкастында койдун жүнү жана анын жер семирткич катары пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жүндүн жер семирткич катары пайдасы, андан киреше алуунун заманбап жолдору тууралуу айтып берди. Кызыктуу баарлашууну угууга чакырабыз....more28minPlay
March 14, 2024“Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган “Адилеттик издейм” подкастын сунуштайт. Бул жолку уктурууда көзүнүн сурмасын оңдотом деп косметологго кайрылып, бирок шалаакы мамиледен үч жолу операция болгон кыз кайрылды. Ал 2020-жылдан бери адилеттик издеп, укугу бузулуп, ден соолугу жабыркаганына даттанды....more15minPlay
March 13, 20241916: Кытайга чейинки жол, чек арадагы кул базарИзилдөөчүлөр буга чейинки карталарды толуктап, жаңы маалыматтардын негизинде ондон ашык карта түзүшкөн. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуяны визуалдаштыруу аракети кандай жүрүүдө? Үркүндүн толук иликтене элек жагы кайсыл? Чек арадагы кул базар, кулчулукка сатылган кыздардын тагдыры эмне болгон? “Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева жана картограф Талгат Жумашев менен талкуулайбыз....more31minPlay
March 13, 2024"Кызамык оюнчук эмес": Эмдөөдөн эмнеге баш тартышат?Эмне үчүн Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү? Мунун үч себебин талдап көрдүк: туура эмес маалыматтар, диний ишеним жана медициналык системага ишенбөөчүлүк. “Сергек жашоо” подкастында эмдөө жана ага байланышкан көйгөйлөрдү кызамык оорусунун мисалында айтып беребиз....more12minPlay
March 03, 2024ЖЕР ЭНЕ: Желимден кантип кутулабыз? Ишкердин сунушуКыргызстанда желим таштанды көйгөйүнө каршы күрөшүү чакырыктары эмнеге соцтармакта, жыйындарда гана айтылып, реалдуулукту маселеге көңүл бургандар өтө аз болуп жатат?...more30minPlay
February 26, 2024Гаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөрТехнология өнүккөнү психологияда санарип көз карандылык түшүнүгү пайда болду. Бирок медицинада азырынча мындай диагноз жок. Гаджеттерге көз карандылык маселеси жакын келечекте коомго, анын ичинде жаңы муунга кандай таасир этиши мүмкүн? "Сергек жашоо" подкастында ушул темага кайрылабыз....more29minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 968 episodes available.