Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Эркектерге D витамини, аялдарга фолий кычкылы өтө керек"
    Кыргызстанда соңку жылдары витаминдерди, биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) жарнамалап саткандар көбөйдү. Алардын баарынын эле сапаты талапка жооп береби? Витаминдерди эмнеге өз алдынча ичпеш керек? Эмнеге адамдын чачы түшүп, бат жинденет? Бул суроолорго "Витаминдер тууралуу чындык" аттуу китеп жазган дарыгер Бекжан Турабеков жооп бермекчи.
    48 min
  • Сеc көрсөткөн сел. Тооруган коркунучка даярдык кандай?
    2024-жылдын жаз мезгили дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп көрбөгөндөй суу ташкын жана сел менен коштолууда. Расмий эсепте Кыргызстанда сел жана суу ташкындоо кооптуулугу жогору 3600дөй аймак бар. Анын 1200гө жакынында эл жашайт. "Жер Эне" подкастында ушул маселе тууралуу сөз кылабыз.
    20 min
  • Таштандыны таштаганды ким үйрөтөт?
    Кыргызстанда таштандыны иргөө маданияты эмнеге калыптанбай жатат? Таштандыны кайра иштеткендер эмне үчүн көмүскө жумуш кылууну туура көрүшөт? "Жер Эне" подкастында ушул маселеге кайрылабыз.
    28 min
  • Эмоционалдык чарчоо: аракка же динге берилүүнүн себептери (2-бөлүк)
    Эмоционалдык чарчоого кабылган адамдар ушул абалдан чыгуу үчүн кандай жолду издейт? Эмнеге бир адамдар ичкиликке, башкалары динге берилип кетет? Эмоционалдык чарчоонун белгилери кандай жана андан кантип сактанса болот? "Сергек жашоо" подкастынын экинчи бөлүгүндө психолог Жакшылык Жыргалбеков менен ушул суроолорго жооп издейбиз.
    30 min
  • "Жүн менен кошо миң сомдуктар өрттөлөт"
    "Жер Эне" подкастында койдун жүнү жана анын жер семирткич катары пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жүндүн жер семирткич катары пайдасы, андан киреше алуунун заманбап жолдору тууралуу айтып берди. Кызыктуу баарлашууну угууга чакырабыз.
    28 min
  • “Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”
    Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган “Адилеттик издейм” подкастын сунуштайт. Бул жолку уктурууда көзүнүн сурмасын оңдотом деп косметологго кайрылып, бирок шалаакы мамиледен үч жолу операция болгон кыз кайрылды. Ал 2020-жылдан бери адилеттик издеп, укугу бузулуп, ден соолугу жабыркаганына даттанды.
    15 min
  • "Кызамык оюнчук эмес": Эмдөөдөн эмнеге баш тартышат?
    Эмне үчүн Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү? Мунун үч себебин талдап көрдүк: туура эмес маалыматтар, диний ишеним жана медициналык системага ишенбөөчүлүк. “Сергек жашоо” подкастында эмдөө жана ага байланышкан көйгөйлөрдү кызамык оорусунун мисалында айтып беребиз.
    12 min
  • Гаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөр
    Технология өнүккөнү психологияда санарип көз карандылык түшүнүгү пайда болду. Бирок медицинада азырынча мындай диагноз жок. Гаджеттерге көз карандылык маселеси жакын келечекте коомго, анын ичинде жаңы муунга кандай таасир этиши мүмкүн? "Сергек жашоо" подкастында ушул темага кайрылабыз.
    29 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…