Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • “Колубуз байлануу”. Геологду эмне түйшөлтөт?
    Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Жабдууларды дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, окумуштуулар чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Геолог Рустам Орозбаев "Жер Эне" подкастында ушул маселелер тууралу кеп курду.
    30 min
  • Инсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайт
    Бул ирет туздун ден соолукка пайда-зыяны тууралуу кеп кылабыз. Айрым маалыматтар сизге жаңылык да болушу мүмкүн. Бишкек шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Тамак-аш бөлүмүнүн дарыгери Майрамбүбү Иманкулова тажрыйбасы менен бөлүшөт.
    18 min
  • “Үйлүү болобуз деп, башыбызга балээ үйдүк”
    Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургуну Саламат Алымбаева сатып алган жер тилкесине үй салып, бирок узак жылдан бери документи бүтпөй жүргөнүн айтып кайрылды. Буга чейин бул конушта бир эле жер тилкеси бир нече жаранга сатылып, жер талашкан учурлар катталган.
    28 min
  • “Жер Эне”: Кокту-колот очок менен таштандыга толду
    Кыргызстанда экологияга кам көрүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын милдети деген түшүнүк калыптанып жаткан жокпу? Таштанды таштоо маданияты эмне үчүн негизги көйгөйгө айланды? “Жер Эне” подкастында экологдор Гамал Сооронкулов жана Бактияр Асанов менен баарлашуунун экинчи бөлүгүн угууга чакырабыз.
    26 min
  • "Кодулоо көп, колдоо аз". ВИЧ тууралуу түшүнүк тайкыбы?
    Адамдын иммуножетишсиздик вирусу, дискриминация, кыргыз бийлигинин дартка каршы күрөшүү дарамети тууралуу сөз кылабыз. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана Адамдын иммуножетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов жооп берет.
    36 min
  • "Жер Эне": Төрт түлүк мал табиятты талкалайбы?
    Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт.
    25 min
  • Эркектердин саламаттыгы: Тестостерон эмнеге маанилүү?
    Эркектер үчүн жыныстык саламаттык, гормоналдык тестостерондун деңгээлин бир калыпта кармоо же көтөрүү маселеси дайыма актуалдуу, бирок көпчүлүгү муну ачык талкуулаганды каалабайт. “Сергек жашоо” подкастында уролог-сексолог адистер Нурбек Моңолов менен Мирлан Айбашов ой бөлүшөт.
    32 min
  • "Жер эне": Изилдөөчү мугалимди лаборатория түйшүгү кыйнап жатат
    Бишкектеги №64 мектептин биология мугалими Нуржамал Аметжанова окуучулар менен мамык чөп жана арчадан май алып, илимий тажрыйба өткөрүп келатат. Эмгегине лицензия алайын десе, Кыргызстанда мындай тажрыйбаларга илимий аныктама бере турган лаборатория жок. “Жер эне” подкастын угууга чакырабыз.
    25 min
  • "Майлуу, күчтүү тамактан өттө таш пайда болот"
    Боор жана өт баштыкчасына кандай кам көрүү керек? Өттөгү таш эмнеден пайда болот? Жарнамадагы витаминдердин баары эле пайдалуубу? Хирургдарды эмнеге "өзүмчүл адистер" дешет? Бул суроолорго Эрмек Исмаилов "Сергек жашоо" подкастында жооп берет.
    23 min
  • "Борбор Азияда 5 млн киши жер которот". Климаттык өзгөрүүнүн кесепети
    Кыргызстандын экологиясы үчүн эл аралык уюмдар бөлүп жаткан миллиондогон долларды ким көзөмөлдөп, ким бөлүштүрөт? Глобалдык климаттык саясат жана Кыргызстандын стратегиясы кандай? “Жер Эне” подкастынын коногу - Климаттык каржылоо борборунун экс-директору Дастан Абдылдаев.
    29 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…