Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Кыргызстанда шамалдан жарык алабыз"
    Ысык-Көлдүн Тоң районунун Топурак-Бел аймагында «Ecowind» шамал паркы курула баштады. Мындай дымактуу долбоорго «Кыргыз уинд систем» компаниясы белсенип киришкен. Анын финансылык директору Кундус Кырбашеваны “Азаттык” кепке тартып, шамалдан жарык алуунун келечегине кызыкты.
    15 min
  • Маңзат уурдаган жаштык - Октябрь 09, 2021
    Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бейрасмий сандар боюнча 25 миңден ашат. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө. "Ачык Time" подкастында маңзаттан арылтуучу метадон терапиясы тууралуу сөз кылабыз.
    12 min
  • Кыргызстанда 16 миң аял жылына эки жолу төрөйт - Сентябрь 26, 2021
    Кыргызстанда бир жылда 160 миң аял төрөйт. Алардын 16 миңи жылына эки жолу балалуу болушат. Расмий эсепте өлкөдө жыл сайын 20 миңден ашуун аборт жасалат.
    Кыргызстанда 1 миллион 200 миңдей төрөт жашындагы аял бар. 26-сентябрь - бүткүл дүйнөлүк бойго бүтүрбөөчү каражаттар күнү. Кыргыз тукум улоочу саламаттык боюнча альянстын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева менен ушул темада маектешебиз.
    12 min
  • “Трансгендер уулум жөнүндө китеп жаздым”
    Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир трансгендер уулунун жашоосун чагылдырган “Адам+” деген повесть жазды. 3710 нускадагы китеп 15-сентябрда окурмандарга тартууланды. Бул эмгек - ушул темада жазылган кыргыз адабиятындагы алгачкы көркөм чыгарма. Автор жана чыгарманын негизги каарманы - Алик “АчыкTime” подкастында ой бөлүшүштү.
    27 min
  • Жыныстык тарбия жана үй-бүлөнү пландоо
    Эмнеге айыл жергесинде контрацепциялык каражаттар тууралуу кеңири маалымат жок?
    Деги Кыргызстанда үй-бүлөнү пландоодо заманбап ыкмалар колдонулабы?
    Бактыгүл Чыныбаеванын "Сергек жашоо" түрмөгү ушул темага арналды. Аны "АчыкTime" подкастына чыгардык.
    9 min
  • Насыя менен жашаган мугалимдер
    Алты балалуу педагог ата-энеге акыркы эки жыл оор болду. Кошумча кирешени түзгөн өрүк түшүм бербей калып учурда банктан насыя алып тиричилигин жүргүзүп жатыптыр.
    6 min
  • Кыргызстандагы вебкам: шантаж, зордук, суицид
    "Вебкам десе эле, анда иштегендерге карата дароо терс ой жаралат. Коомчулук менталитетке туура келбеген аракетти бир беткей сындаганга маш. Салмактап карап көрүүнүн ордуна, тытып жеп салабыз... Вебкамда кыздар гана эмес, жигиттер да иштешет".
    Вебкам студияларга байланыштуу журналисттик иликтөө канчалаган талкаланган тагдырлар бар экенин көрсөттү. Долбоордун автору Уланбек Асаналиев #АчыкTime подкастында эмгеги тууралуу айтып берди.
    17 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…