Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Мета аалам" деген эмне? - Февраль 21, 2022
    Былтыр «Фейсбук» компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг "Мета аалам" түзөөрүн билдирип, өзүнүн компаниясынын аталышын өзгөрттү. Disney жана Аррle өзүлөрүнүн "мета ааламдарынын" үстүнөн иштеп жатышканы белгилүү болду. "Мета аалам" деген эмне? Германияда жашаган журтташтарыбыз, SAP компаниясында бизнес оператор болуп эмгектенген Калыгул Жунушбеков жана программист Нурсултан Турдалиев менен ушул жана башка суроолорго жооп издедик.
    25 min
  • Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы
    Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы ишмерлерге берилчү Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын тегерегинде талкуу күчөдү. Айрымдар бул сыйлыкты таланттуулар эмес, таасири барлардын тааныштары алып жатканына нааразы. “Ачык Time” подкасты ушул темага арналат
    26 min
  • “Ишенгиле, үмүт үзбөгүлө жана күрөшкүлө” - Декабрь 29, 2021
    Баласына ооруканада ВИЧ жугуп калган Анаранын “Личность-ВИЧность” подкастынан бешинчи эпизодду сунуш кылабыз. Бул ирет ал Саламаттык сактоо министрлигин жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасын 2 миллион сомдук доого жыгып алганын баяндайт. Буга чейинки серияларда баласы бул дартка кантип кабылганын, басмырлоолорго туш болгонун жана соттошконун айтып берген. Подкасттын оригиналы rus.azattyk.org сайтында.
    10 min
  • “ВИЧ менен жашагандар унчукпай армияга барууга мажбур” - Декабрь 22, 2021
    “Личность-ВИЧность” подкастынын төртүнчү эпизодун сунуш кылабыз. Анара бул ирет эне жана ВИЧ менен жашаган баланын мамилеси жөнүндө сүйлөп берет. Ошондой эле ВИЧ менен жашаган балдар чоңойгондо кабылган кыйынчылыктар, армияга баруудагы тобокелчиликтер тууралуу баяндайт. Подкасттын оригиналын rus.azattyk.org сайтынан угуңуз.
    10 min
  • “Баламдын “түбөлүк уктап калышын” кааладым” - Декабрь 16, 2021
    Медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баласына ВИЧ жугуп калган Анаранын “Личность-ВИЧность” подкастынын үчүнчү эпизодун сунуш кылабыз. Буга чейинки эпизоддордо ал баласы бул дартка кандайча кабылганы жана андан кийинки басмырлоолор жөнүндө айтып берген. Бул ирет медицина кызматкерлерине каршы соттошкону жөнүндө баяндайт.
    13 min
  • “Чындык үчүн күрөшүү коркунучтуу сыноо болду” - Декабрь 08, 2021
    “Личность-ВИЧность” подкастынын экинчи эпизодун угууга чакырабыз. Кызыл-Кыядагы ооруканада медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баласына ВИЧ жугуп калган Анара уулу кантип бул дартка кабылганы, муну уккандардын мамилеси жана ошол кезде тарткан азабы жөнүндө кеңири айтып берет.
    10 min
  • Анаранын баяны: Басмырлоо мени чарчатты - Декабрь 02, 2021
    Кызыл-Кыядагы ооруканада медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баласына ВИЧ жугуп калган Анара башына түшкөн оор күндөр, ВИЧ менен жашаган кишилерге коомдогу мамиле жана келечектен күткөн үмүтү жөнүндө подкаст жаздыра баштады.
    "Азаттык" Анаранын "Личность-ВИЧность" деп аталган аудиоблогун угармандарга жеткирүүгө жардам берет. Биринчи эпизоддо дискриминация жөнүндө сөз болот.
    14 min
  • “Кальмар оюну" - зомбулуктун зыяндуу таасири - Ноябрь 16, 2021
    Түштүк Кореянын "Кальмар оюну" сериалын бир катар Батыш өлкөлөрү балдарга көрсөтүүгө тыюу салды. Адистер аны жаш аң-сезимге терс таасир эте турганын жүйө келтиришүүдө. Дүйнөдө популярдуу болуп кеткен бул тасманы Кыргызстанда да көргөндөр арбын.
    33 min
  • Медиада маселе жараткан "кастык тили" - Ноябрь 07, 2021
    "Кастык тили" жана анын кесепетин талкуулайбыз. Элди бөлүп-жарган, адамды басмырлаган, жаңжалга түрткөн сөздөр социалдык желедеги түрдүү посттордо же комментарийлерде гана эмес, макала-баяндарда да кездешет. Подкастты даярдоодо Европа биримдиги тарабынан каржыланган "Медиа Диалог" долбоорунун алкагындагы challengehete.com материалдарды колдонулду.
    18 min
  • Кыргыз футболун өнүктүрүү аракети жок - Ноябрь 02, 2021
    "Ачык Time" подкастында Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен маектешебиз. Ал эмне үчүн Кыргызстанда футбол өнүкпөй жатканын, машыктыруучунун жоопкерчилиги тууралуу пикирин ортого салды.
    22 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…