Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Ислам эркин ой жүгүртүүнү чектебейт" - Май 25, 2022
    Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китебинин бет ачары өттү. Китепте автордун азыркы коомчулуктагы диний, социалдык жана башка көйгөлөр боюнча макалалары топтоштурулган. Окурмандар арасында китепке жылуу пикирин айткандар менен катар эле автордун эмгегин сындагандар бар. Китептин мазмуну, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу Элмурат Кочкор уулу менен маек курдук.
    22 min
  • Сексуалдык ыдык: коомдун жарылган жарасы
    "Ачык Time" подкастында кыз-келиндерге ыдык көрсөтүү темасына кайрылып, анын кесепетин жана жашоодогу таасирин талдайбыз. Талкууга беш жашында ыдык көргөн Зыйнат жана жүздөгөн кыздардын арыз-муңун коомго алып чыккан актриса, блогер жана алып баруучу Назира Айтбекова катышты.
    25 min
  • Бет-жаак оорулары: кенебестиктин кесепети - Май 10, 2022
    Кыргызстанда бет-жаак ооруларына кабылгандар көп, бирок эл арасында анчейин этибарга алына бербейт. Бишкектеги Улуттук госпиталда бир жылда миңден ашуун адам бет-жаак оорусуна байланыштуу операция болот. "Ачык Time" подкастында ушул темага кайрылабыз. Санжар Эралиев башынан өткөргөн окуянын негизинде баяндап, адис менен маектешет.
    12 min
  • “Максатты багынтууга майыптык тоскоол болбойт”
    5-май майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо күнү. Бул күндү утурлай “Эже-сиңдилер” берүүсүндө өзүн эч нерседен чектебеген, күчтүү айымдар - Айпери Аралбаева менен Нишана Жээналиева майыптыгы бар адамдардын укуктары, аларга түзүлгөн шарт жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир бөлүшүштү. Баарлашуунун аудиосун "Ачык Time" подкастына жарыяладык.
    31 min
  • Эл үнү: Балыкчыдагы урай баштаган социалдык шаарча
    Балыкчы шаарында жалгыз бой энелер жана майыптыгы бар адамдар үчүн курулган шаарчадагы үйлөрдүн кооптулугуу суроо жаратууда. Ишкерлердин 90 миңге жакын АКШ долларын кумар оюндарга уткуруп жиберген такси айдоочусу. Дагы башка кайрылуулар "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
    13 min
  • Эл үнү: Ысык-Атада үйү күйүп кеткен эне жардам сурады
    Оорукчан иниси жана майып уулу менен көчөдө калган 70 жаштагы эне. Каза болгон чек арачынын үй бүлөсүнө үй берилбей турат. Мугалимдер көчө тазалаганга тартылбашы керек. Ушул жана башка кайрылуулар "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
    12 min
  • "Ысык-Көлгө "персона нон-грата" болуп кала жаздадым" - Апрель 26, 2022
    "Ачык Time" подкастында жарандык активист Рита Карасартова менен маектешебиз. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуу дымагы, бийликти сындаган позициясы, мамлекеттик кызматтагы кыска ишмердиги, үй-бүлөсү жана коомдогу өзүнүн дарегине айтылып жүргөн сын-пикирлер тууралуу айтып берди.
    37 min
  • "Ысык-Көлгө "персона нон-грата" болуп кала жаздадым"
    "Ачык Time" подкастында жарандык активист Рита Карасартова менен маектешебиз. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуу дымагы, бийликти сындаган позициясы, мамлекеттик кызматтагы кыска ишмердиги, үй-бүлөсү жана коомдогу өзүнүн дарегине айтылып жүргөн сын-пикирлер тууралуу айтып берди.
    37 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…