Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жашыл планета: журналистиканын экологияга кошкон салымы
    "Ачык Time" подкастында “Азаттык” радиосунун "Жашыл планета" түрмөгү жөнүндө, журналистиканын экологияны, климатты коргоого багытталган тажрыйбасы, мүмкүнчүлүктөрү жана коомго пайдасы тууралуу баарлашабыз.
    28 min
  • Түштүк Корея: сапардан кийинки таасирлер
    “Азаттык” радиосунун “Данисте” телепрограммасы сентябрь-октябрь айларында Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар жөнүндө программалардын сериясын чыгарды. Кабарчыларыбыз ал жакта көргөн-билгендерин, “Данистеде” айтылбай калган маалыматтарды “Ачык Time” подкастында бөлүшүшөт.
    29 min
  • Самарканд саммити: көзөмөлгө алынган кабарчылар
    Өзбекстандын өкмөтү соңку 17 жылда биринчи жолу "Эркин Европа\Азаттык" радиосунун кабарчысына өлкөдөгү ири саясий иш-чараны чагылдырууга уруксат берди. Ошентсе да журналисттер эркин иштей алышкан жок. "Ачык Time" подкастында "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Жибек Бегалиева ой бөлүшөт.
    20 min
  • "Кырк жыл иштеп, көчөдө каламбы?"
    "Эл үнү" радио түрмөгүнө Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынан Аксамай Борбуков кайрылып, 20 жылдан бери жашап келаткан батиринен күчкө салып чыгаруу аракети болуп жатканын даттанды. Батирге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ачык акционердик коому ээлик кылат.
    9 min
  • Композиторду өксүткөн жагдайлар
    Композитор, илимий редактор, окутуучу Райхан Бейшеналиева “Ачык Time” подкастынын коногу. Ал Кыргызстандан Түркияга кетүүгө мажбур болгонунун себеби, кыргыз музыкасындагы азыркы абал, мамлекеттик наамдар жана маданияттагы оош-кыйыштар тууралуу ой бөлүштү.
    30 min
  • Элүүдөн кийин турмуш курган айымдар - Август 22, 2022
    Турмуштун ар кандай сыноосуна туш болуп, кайра жаңыдан турмуш кургусу келгендер үчүн баарын ак барактан баштоого туура келет. Ал үчүн кандай сыноолор бар жана андан кантип жабыркабай өтүп кетүү керек? "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн аудиосун "Ачык Time" подкастында сунуш кылабыз.
    37 min
  • Раиса: Котормо аркылуу балдарга дүйнөнү ачабыз - Август 10, 2022
    Раиса Сайран Кадыр Казакстандагы Steppe&WORLD Publishing басма үйүнүн негиздөөчүсү. Беш жылдан бери дүйнө адабиятын казак тилине которуу менен алектенет. Раиса баштаган топ "Гарри Поттер" чыгармасын казак тилинде чыгарды. Ал Казакстандагы китеп индустриясы жөнүндө "Ачык Time" подкастына маек курду.
    10 min
  • Жакшылык: Блогерлерге ишенбегиле
    Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун координаторлорунун бири Жакшылык Мурат жарандарды мыйзамдуу жолдор менен, ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип барууга чакырууда.
    3 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…