Кыргызстанда ата-энеси алыска иштеп кеткен балдардын саны жүз миңден ашты. Алардын ичинен беш жарым миңдей бала туугандык байланышы жок эле адамдардын колунда калган. "Ачык Time" подкастын ушул темага арнадык.
Кыргызстанда 13 жаштагы кызды "жарым жыл бою зордуктап жүргөн" деп айыпталган төрт адамдын экөө милиция кызматкери болгон. Өспүрүм кызга жасалган зомбулук тууралуу "Эже-сиңдилер" берүүсүндө талкуулаганбыз. Анын аудиосун "Ачык Time" подкастына жарыяладык.
"Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүнө агротокойчулук тоскоол боло алат" деген пикирин токойчулар бирикмесинин төрагасы Айткул Бурханов айтат. Ал бадам, мисте жана жаңгак эгүү менен экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечсе болот дейт.
Бишкекте липосакция операциясын жасаткандан кийин каза тапкан аялдын окуясы өлкөдөгү сулуулук клиникалары жана косметологиялык салондордогу жоопкерчилик маселесин күн тартибине чыгарды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул темада уюштурулган талкууну Ачык Time подкастына жарыяладык.
Баткенде өрүк теримге тартылган окуучулар. Турак жай кооперативден үй да, акчаларын да кайтарып ала албаган адамдар. Дагы башка сунуш-пикирлер "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
Түп районундагы бала бакчага муктаж айыл, инсулин издеген ноокаттык бейтап, энелердин абалына тынчсызданган ардагер жана башка сунуш-пикирлер "Эл үнү" түрмөгүнүн бул чыгарылышында.
Балдардын эмгеги жана ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөшөбүз. "Эже-сиңдилер" программасындагы бул талкууну "Ачык Time" подкаст аянтчасында сунуш кылабыз
36 жаштагы Максат Бообеков - кант диабети менен ооруган адамдардын буту-колун ампутациядан сактап калган подиатр дарыгер. Ал Түркияда билим алып, он жылдан ашуун иштеп келген. Эки өлкөдөгү кант диабети менен ооругандарды дарылоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
21 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.