Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Диний илимге өмүрүн арнаган аалым
    Диний чөйрөдө Алауддин Мансур деген ат менен таанылган Алауддин Рустамов 2020-жылдын 13-октябрында 68 жашында дүйнөдөн кайтты.
    Ал радикализмге билим менен каршы турууга чоң салым кошкон инсан катары Борбор Азияга таанылган. Саясаттан алыс, тек гана диний илимге өмүрүн арнаган, көп китеп жазган инсан катары белгилүү.
    13 min
  • Тынчтыкты сактоодо диндин ролу
    Калайман башаламандыкта, саясий абал чыңалганда дин ишмерлери тынчтыкты сактоого кандай салым кошо алат? Алар жарандарга кеп-кеңеш берип, жагдайды турукташтырууга көмөк көрсөтө алабы?
    7 min
  • Үй-бүлөлүк зомбулук жана диндин позициясы
    «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев коомдогу аялдардын көйгөйлөрүнө байланышкан маселелерди диний өңүттө карап талкууга алышты.
    12 min
  • Илдетке каршы күрөштө дин ишмерлеринин ролу
    Кыргызстанда кайрадан күчөп баракан коронавируска каршы күрөшкө дин ишмерлери кандай салым кошо алат?
    Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун мүдүрү, теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимов талкуулашты.
    8 min
  • “Кудайдын астында күнөөнүн чоң-кичинеси болбойт” (аудио)
    Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет.
    23 min
  • «Аялды асылдар баалайт, пастар кор тутат»
    “Биз жана дин” түрмөгүндө аялдын коомдогу ордун диний көз караштан талдайбыз жана зомбулук маселесине кайрылабыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен дин таанучу Алмамбет Осмон уулу талкуулашат.
    10 min
  • “Дин аркылуу башка адамдарды жакшы көрө баштадым”
    Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта автор эки кыргызстандыкты кепке тарткан. Алардын бири Нурбек ислам динин терең түшүнүп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун китептери жардам бергени жөнүндө баяндайт. Экинчиси Эрмамат бир мусулман катары бул жашоодогу максатына токтолот.
    22 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…