Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • “Дин тутунгандарды сыйлайм, эгерде алар мыйзам чегинде болсо”
    Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт. Химия, физика сыяктуу илимдер өнүккөнгө чейин, адамдар жаратылыштагы кубулуштарды сыйкырдуу күчтөр жасап атат деп ишенишчү. Ошол эле сыяктуу, балким, азыркы окуялардын толук түшүнүүгө дараметибиз менен аң сезимибиз өсүп өнүгө электигинен улам адамдан жогору турган күчтөргө, мисалы Жаратканга, байланып аткан болушубуз мүмкүн деп эсептейт.
    23 min
  • Рухидин: Дин эскиликке эмес, бакытка үндөйт
    Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.
    24 min
  • Пандемия мени динге жакындатты
    “Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Анара Жумабаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусияда мигрант экенин, пандемия учурунда үйдө ишсиз жатып, диний амалдарга кызыга баштаганын айтып берет.
    5 min
  • Мурас, дин жана мыйзам
    "Биз жана дин" түрмөгүндө мураскорлук жана аялдардын мураска болгон укугу тууралуу сөз кылабыз. Мыйзамдуу эрежелерге диний көз караштын таасирин талдайбыз.
    12 min
  • Исламдын кыргыз маданиятына тийгизген таасири
    Ислам дининин кыргыз тилине жана маданияты таасир этүү жараяны уланууда.
    Айрым замандаштарыбыз диний түшүнүктөр мусулманчылык аркылуу кыргыз элинин салтына азыр сиңирилип жатат дешсе, кээ бирөөлөр ислам дининин жөрөлгөлөрү эзелтен бери бизге жат болбогонун айтып келишет.
    Түркиянын «Стамбул Айдын» университетинин доктору, арабист Инаятулла Азимов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов ушул маселе боюнча маектешти.
    10 min
  • "Чубак ажы илимди сүйгөн диниятчы эле"
    Таанымал диниятчы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 11-июлга оогон түнү 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Дин маселелери боюнча эксперт маркумду замандаштары менен чогуу эскерет.
    9 min
  • Шииттер: тиреш жана идеологиялык талаш
    «Биз жана дин» түрмөгүндө Ислам дининеги шииттер агымы, идеологиясы жана сунниттер агымы менен тирешке токтолобуз. Кыргызстандагы шииттер жамааты жана өлкөдөгү эки агымдын мамилеси жөнүндө дагы сөз кылабыз.
    13 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…