"Карынын сөзүн капка сал" деп айтылат элибизде. Өзгөндүк Ысмайыл Мурзабаев кесипке бышкан адис жана турмуштун ачуу-таттуусун көп таткан санжыргалуу кексе карыялардын бири эле.
Өсүмдүктөрдүн гүлү аарылардын үнүн угат. Туздуу кыртышта өскөн чөптөн биоотун жасалды. Бактылуулук абанын сапатына көз каранды. Узун өмүрдүн гени мураска берилет.
“Жашыл планета” деп аталган жаңы рубрикабызды баштайбыз. Жаңы чыгарылышта биздин өлкөбүздөгү биологиялык түрдүүлүктүн учурдагы абалына токтолобуз. Глобалдык климат өзгөрүп жаткан шартта атом энергетикасы жашыл планетаны сактап калабы?
Профессор Гүлзура Жумакунова чейрек кылымдан бери Түркиянын Анкара университетинде иштеп, “Манас”, Токтогул, Чыңгыз Айтматов, кыргыз адабияты менен тили тууралуу көптөгөн эмгектерин жарыялаган.
Табият биздин жан дүйнөбүзгө ырахат берип, эс алдыргандан башка да сүрөткерлер менен музыканттарды жаңы чыгарма жаратууга шыктандырат. Табияттын, айрыкча, гүлдөрдүн сыйкырдуу кооздугун сүрөткө тартуу - словак сүрөтчүсү Павол Гочанын жандай сүйгөн эрмеги.
Кыргызстандагы медреселерди лицензиялоо жана алардын билим берүү сапаты, диний мекемелерде экстремизмге тарбиялоо коркунучу жана башка маселелер боюнча дин тармагындагы эксперт Нурлан Исмаиловдун маегин бул жерден уксаңыз болот.
6 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.