Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"
    Бишкекте 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Жол эрежесин бузгандарды аныктоо тартиби кандай өтөт? Айып пулду жалаң гана автоунаа ээлери төлөп калабы? Автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигин ким текшерет?
    25 min
  • Рембрандттын кереметтүү боёгу
    Рембрандт колдонгон ачык түстүү боёктун сыры табылды. Евробиримдик пластик таштандыларга согуш жарыялайт. Эмне үчүн кээ бир кишилер түндө үкүдөй болуп уктабайт?
    6 min
  • Аңчылык мыйзамынын оош-кыйышы
    Жогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратып, бир нече жылдан бери колдоо таппай келет. Демилгечилердин бири Эмил Токтошев жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоору жөнүндө айтып берди.
    5 min
  • Жаратылышка пайдасы тийген аңчылар
    Ошто болсо аңчылар жаратылышка зыяныбызга караганда пайдабыз көп кийип жатат деп ишендирип келишет. Маселен, Ош-Баткен мергенчилер коому жыл сайын кийиктерге туз жеткирүү, канаттууларга жем чачуу, көлмөлөргө балыктын уругун таштоо сыяктуу иштерди такай аткарып келатканын айтышат.
    4 min
  • Ысык-Көлдө карышкыр күч
    Ысык-Көл дубанында карышкыр күч болуп, мал-жандыкка кол салып, материалдык чыгымга алып келип жатат. Ошондуктан, азыр облустук аңчылык департаментинин өкүлдөрү жергиликтүү мергенчилер менен чогуу карышкыр менен чөөгө аң уулап жатышат.
    4 min
  • Жалал-Абаддагы "тескери" аңчылык
    Жалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен, иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын адистер айтышат. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат да мергенчилерге жетпейт.
    5 min
  • Баткенде миңге жакын мергенчи бар
    Баткен облусунда миңге жакын атайын уруксаты бар мергенчи катталган. Алардын аракетин аңчылыкты көзөмөлдөөчү болгону он адис бар. Аңчылыкка кызыккандар мыйзамдан чыкпасын деп түшүндүрүү чаралары тынымсыз жүрөт.
    4 min
  • Нарын: мыйзамсыз аңчылыктын кесепети
    Нарында жапайы аңчылыкка чыккан карапайым эл азайды. Ошол эле убакта кызматына таянып, кайберен атууну кумар кылгандардын катары көбөйүүдө. Айрыкча чет элдик аңчылар кайберендерге зыян келтирип жатат деген жергиликтүүлөр көзөмөлдүн начардыгына кабатыр.
    4 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…