20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.
Кыргызстанда быйыл кызамык жуктургандардын саны төрт миңден ашып, үч бала чарчап калды. Тиричиликтен бошобой же диний көз карашынан улам баласын эмдетпеген ата-энелердин перзенттери азап тартып, аларга кошулуп энелер түйшүккө кабылууда.
Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү. Евробиримдик Кыргызстанга "чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынса донор уюмдар менен кызматташууга терс таасири тиерин дагы бир жолу эскертти. Орусиядан быйыл тогуз айда эки миңдей кыргыз жараны депортация болду. Газадагы абал.
УКМК төрагасы Камчыбек өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты. Кароколдо бир айда өспүрүм кыздар жоголуп, кайра табылган үч окуя катталды. Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда.
Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты. Прокуратура студент Ырыс Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Кыргызстандын Жапония менен кызматташтыгы талкууланууда.Газа тилкесиндеги соңку кырдаал.
Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы” деп айтылган Азим Ройго сыртынан айып тагыгып, издөө жарыяланды. Көлбаев менен байланышта болгон деген шек менен Өзгөндүн мэри кармалды. АКШнын жана Кытайдын лидерлери жолугушту. Саясий, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды.
УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин өкүл атасына издөо жарыяланды. Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу сунушталууда. Экс-депутат Жаныбек Бакчиев кармалды. Газадагы соңку кырдаал.
“Ихсан" кооперативине байланыштуу соттук териштирүү жүрүүдө.
Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден автоунаа сүзүп кетип, оорукчан болуп калган Назира Нурованын арыз-арманын укту. Кырсык болгондо эле оор абалдагы аялды айдоочу өзү ооруканага алып барып, иш ошол бойдон териштирилбей калган.
Ошто шаар депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыгышты, мэр Жетигенов буга жеке кызыкчылыктар себеп деп билдирди. Бишкекте кезектеги "Мекендештер" форуму өттү. Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн “Редут” мигранттарды Украинадагы согушка тартууда. Газадагы соңку кырдаал.
Орусиядан быйыл тогуз айда 1900 кыргыз жараны депортация болду. Ал арада Орусия Украинага согуш ачкандан бери Борбор Азия аймагынын геосаясий ролу, орду өзгөрдү. Газадагы соңку кырдаал. Абактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу үч киши суракка чакырылды.
30 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.