Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Акыйкатчыны ким коргойт?
    Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун, бул институттун ролун, макамын акыйкатчы Жамила Жаманбаева жана мурдагы омбудсмен Токон Мамытов менен талкуулады.
    32 min
  • “Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан Жумакматов
    1920-1930-жылдары кулакка тартылып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, куугунтукталгандардын урпактарынын тагдыры кандай болду? Атасы сүргүнгө, өзү апасы жана агасы менен Украинанын Херсон аймагына айдалган атактуу дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун өмүр жолу.
    29 min
  • “Күн кармаган балада” Бурулайдын да тагдыры бар”
    Коомдо кызуу талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаев "Элдин балдары" подкастына маек курду. Ушул тапта Астанадагы Азербайжан Мамбетов атындагы мамлекеттик драма жана комедия театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жатат.
    44 min
  • Балдар үйүнөн кийинки оор турмуш
    Балдар үйлөрүндө тарбияланган улан-кыздар орто билим алган соң өз алдынча кетип, турмуштун чоң агымына бой урат. Үй-жайсыз, колдоосу жок балдар оор жагдайга кабылат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул маселени соцкызматкер Гүлзат Темирбаева, балдар үйүндө тарбияланган Гүлшана, Даниэль менен талкуулады.
    24 min
  • Ажырашкандан кийин аялды аңдыба
    Эмнеге кыргыз коомунда ажырашкандан кийин дагы мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей, кек сактап, кол салып же таарынычын балдардан чыгарган окуялар кездешет. Бул биздин коомдун билим жана тарбиядан өксүп жатканынан кабар береби? Же диний, салттык же башка түшүнүктөр себеппи? Биз бүгүн ушул маселени психолог, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман менен талкуулаганга аракет кылабыз.
    21 min
  • “Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келет
    Кыргызстандагы таштанды талаалары 516 гектар жерди ээлейт. Бул Бишкектеги Спартак стадионунан 176 эсе чоң. Калдыктардын 70% кайра иштетсек болот. Бул көйгөйдү чечүү менен алектенип жаткан “Tazar” уюмунун негиздөөчүсү, эко-активист Аймээрим Турсалиеваны кепке тарттык.
    35 min
  • "Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда
    Казакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз
    25 min
  • Сөз эркиндиги: миллиондук доо, абак жана күрөш
    Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана ал үчүн жүргөн күрөштү "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова, белгилүү журналист Аскер Сакыбаев менен талкуулайт.
    27 min
  • "Мекен дебей Родина дейбиз". Эне тил үчүн күрөш
    Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйыны. Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз.
    30 min
  • Экология жаштарга эле керекпи?
    Экологияга кам көрүүдө эмнеге улуу муунга караганда жаштар жигердүү?
    Мамлекеттин экологиялык саясаты канчалык ачык-айкын жана жаштар ага канчалык кызыгат? ЖЕР ЭНЕ подкастында климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири, климаттык активизм жана аны жайылтуу тууралуу баарлашабыз. Коноктор: "Жердин балдары” жаштар коомунун лидери Омар Даиров жана "Экоадам" баракчасынын автору, экомарафондун уюштуруучусу Исмаил Карыпов.
    24 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…

More shows like Азаттык үналгысы

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

ნიკოს პოდკასტი by რადიო თავისუფლება

ნიკოს პოდკასტი

62 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Время Свободы by RFE/RL

Время Свободы

5 Listeners

Археология by RFE/RL

Археология

5 Listeners

پارادوکس by رادیوفردا

پارادوکس

129 Listeners

Человек имеет право. Подкаст by RFE/RL

Человек имеет право. Подкаст

6 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners

მოლაპარაკე ტექსტები by რადიო თავისუფლება

მოლაპარაკე ტექსტები

1 Listeners