Жеңишбек 13 жашта болгону менен тулку бою үч жаштагы баладай. Дайыма төшөктө же кол арабада жатат. Баса да, отура да албайт. Салмагы болгону 12-13 килограмм.
20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?
Кыргызстандык таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев өткөн аптада Копенгагендеги консерваториянын чоң залында жеке концертин берди. Ал азыр Даниянын падышалык оркестринде ойнойт, таланты жана билими үчүн ага Даниянын өкмөтү атактуу мастер Антонио Страдивари даярдаган байыркы скрипканы ыйгарган.
Жети-Өгүз районундагы Жууку ашуусунда 8-июлда мөңгү көчүп, көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түздү. Мындан бир нече күн мурда Италиядагы Альпы тоолорундагы мөңгү көчкөн.
"Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүнө агротокойчулук тоскоол боло алат" деген пикирин токойчулар бирикмесинин төрагасы Айткул Бурханов айтат. Ал бадам, мисте жана жаңгак эгүү менен экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечсе болот дейт.
Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.
Айдай Максатбекова бир канча ай мурун шаарда англис тилиндеги китептер сатылган алгачкы дүкөнүн ачкан. Жакында эле Шаржа шаарында өткөн «Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясына» катышып келди. Айдай бул иш-чарада Борбор Азиядан чакыруу алган жалгыз катышуучу болду.
Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.
Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун талантынын күчү жана кыргыз адабиятына киргизген жаңылыгы эмнеде? Адабият таануучу жана жазуучу Абдыкерим Муратов “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна жооп берди.
11 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.