Бөрдвотчинг же куш кароо туризмдин жаңы багыты катары өнүгүп келе жатат. Кыргызстанда да бул багытка кызыккандар жок эмес. Ал тургай, куш ышкыбоздорунун атайын уюму бар. 1-апрель - Эл аралык куштар күнүнө карата Кыргызстандагы бөрдвотчерлер биримдигин негиздеген Нуржан Алымканова менен маектештик.
Бийчи Атай Өмүрзаков Фейсбуктагы баракчасына Даниядагы өнөктөшү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Өмүрзаков мындай билдирүүнү социалдык тармактардагы баракчаларына жазды. Бул кырдаал боюнча бийчи «Азаттыкка» маек курду.
17-февралда дүйнөлүк Science илимий журналына кескелдириктер өз куйругун кантип кесип жиберишин түшүндүргөн илимий иш жарыяланды. Анын авторлорунун арасында кыргызстандык Ажымурат Орозалиев дагы бар. Жаш окумуштуу менен Нурболот Азамат маектешти.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бүгүнкү каарманы, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Ильяс Каныбек. Учурда ал климаттын өзгөрүшүнүн тоолуктарга тийгизген таасирин иликтеп жүрөт. Ошондой эле чоң атасы менен бирге Жорж Оруэллдин «Айбан ферма» чыгармасын кыргызчага которгон.
«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы төкмө акын, коррупцияны ашкерелеп ырдаган, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин шакирти Болот Назаров.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын кезектеги каарманы кинорежиссер Ильгиз Шернияз. Ал “Фрунзе” деген аталыштагы документалдык тасмасында Бишкектеги абанын булганышы тууралуу көйгөйдү көтөргөн. Кинорежиссер менен "Азаттыктын" практиканты Жылдыз Арыстанбек кызы маектешти.
«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы кыргызстандык балбан, жакында эле Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону наамына татыган Эрназар Акматалиев.
Кыргызстандык белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү. Евразия жазуучулар бирлиги анын бет ачарын Бишкек шаарында өткөрдү.
Учурда илбирс байырлаган 12 өлкөдө бул сейрек жаныбардын башын саноо иштери жүрүп жатат. 2023-жылы жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгат.
12 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.