Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 28.03.2025 | Таласта жер титирөөдөн 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кетти
    Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта болгон жер титирөөдөн Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткенин билдирди.
    Маалыматка караганда, алардын ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат.
    30 min
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 27.03.2025 | "Жылына 20% кошулат". Энергетикадагы тариф кандай өзгөрөт?
    Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы өсө турганын билдирди.
    Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки программанын алкагында тарифти жыл сайын 20% көтөрүп туруу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 26.03.2025 | Армениянын ЕБге кошулуу жараяны тууралуу мыйзам кабыл алынды
    Шаршембиде армян парламенти “Армения Республикасынын Еврошаркетке мүчө болуу жараянын баштоо жөнүндө” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Ага 64 депутат макул, жетөө каршы добуш берди. Добуш берүүгө өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарян башында турган “Армения” оппозициялык альянсынын депутаттары катышкан жок.
    30 min
  • "Эненин тиши кариес болсо балага өтөт"
    Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапатыбы, экологиянын бузулушубу же билим деңгээлинин түшкөнүбү? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек? Эшикте ойногон балдардын тиши таза болобу? Тиштеги бактериялар жүрөк оорусуна себепкерби? Сөөк кемирүү же катуу алма чайноо тишти бекемдейби? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Албина Закирова жооп бермекчи.
    25 min
  • Кечки радио эфир | 25.03.2025 | Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибинде
    Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талаш-талкууга кабылды. Буга Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду. Ал Бакиевдин уулу Максимге жана анын өнөктөштөрүнө таандык "Элкат" компаниясы мамлекетке өткөнүн, эгер мурдагы президент Кыргызстанга келсе ушул өңдүү бир катар кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө болмоктугун белгиледи. Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 24.03.2025 | Жол эрежесин билбегендер айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайбы?
    Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Жол эрежелерин билбесе, айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт). Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…