Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 01.04.2025 | Акыйкатчы: 2024-жылы 353 өспүрүм кыз көз жарган
    Акыйкатчы институту курагы 18ге чыга элек кыздардын турмушка чыккан же ошого мажбурлаган учурлары көп кездешип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстанда 2024-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 353 өспүрүм кыз көз жарган. Өлкө мыйзамдарына ылайык, эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш деп эсептелет. Башкы прокуратура өткөн жылы 29 кылмыш ишин козгогон. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер Кыргызстан өспүрүм курактагы кыздардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турарын айтууда.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 31.03.2025 | Кыргыз-тажик президенттери чек арага байланыштуу протоколго кол коюшту
    Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту.
    Кыргызстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бул документ эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдеп, чек араны толук демаркациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзө турганын билдирди.
    30 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 30.03.2025 | Орусия: Элчи кыргыз балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштады
    Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 28-мартта Москвада Мамлекеттик Думанын депутаты, Агартуу иштери комитетинин төрагасынын орун басары Алена Аршинова менен жолукту.
    Анда эки өлкөнүн өз ара алака-катышына байланыштуу маселелер талкууланды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 29.03.2025 | Мьянмада зилзаладан каза болгондор миңден ашты
    Мьянманын бийлиги 28-марттагы магнитудасы 7,7ге жана 6,4кө жеткен катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны кеминде 1002 кишиге жеткенин, 2376 киши жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу 29-мартта Би-Би-Си AFP маалымат агенттигине таянып жазып, куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.
    AFP агенттиги каза болгондор жана жабыр тарткандар тууралуу Мьянмадагы аскердик өкмөткө таянып жазды. Куткаруучулар табигый кырсыктын курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгилөөдө.
    31 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…