Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңылыктар | 10.04.2025 | Орусияда тил билбеген балдар мектепте алынбайт
    Жогорку Кеңеш “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бир күн өтүп-өтпөй эле парламент жалган маалымат тараткандарга айып пул салган долбоорду кабыл алды. Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Алардын кеминде 38и каза болгон. Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам күчүнө кирди. Бул өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын балдары башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтүшү керек.
    22 min
  • Жаңылыктар | 09.04.2025 | Украинадагы согушка кытайлыктар да катышып жатабы?
    Президент Садыр Жапаров ушул тапта абактарда жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берди. Алардын арасында акын, журналист Азамат Ишенбеков жана активист Зарина Төрөкулова да бар.
    Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга түшкөнүн маалымдады. Расмий Бээжин бул кабарларды текшерип жатканын билдирди.
    Кыргызстанда сот тергөө органдары берген өтүнүчтөрү колдоп, шектүүлөрдүн дээрлик 90% камакка алат. Акыйкатчы буга байланыштуу укук коргоо органдарын Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин так сактоого чакырды.
    22 min
  • Жаңылыктар | 08.04.2025 | Умрага барган өзбекстандык зыяратчылар ара жолдо калды
    Жогорку Кеңеште эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрүлдү. АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга кошумча дагы тариф киргизерин билдирди. Муфтият никаб, паранжа динде парз эмес экенин белгилеп, ал кыргыз коомуна жат көрүнүш экенин билдирди.
    21 min
  • Жаңылыктар | 07.04.2025 | Депутаттар машинеге муктажбы?
    Кыргызстанда 90го жакын адамдын өмүрү кыйылып, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына туура 15 жыл болду. Акыркы жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү тууралуу сөздөр көп айтыла баштады. Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган чабуулдан набыт болгондор 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин президенти Владимир Зеленский Москванын согушту токтотууга ниети жок экенин айтты.
    Президент Садыр Жапаров коомчулуктун нааразылыгын жараткан Жер кодексинин жаңы вариантын жеке менчикке залакасын тийгизет деген негиз менен артка кайтарды.
    21 min
  • "Көлгө келген ак куулар арпа-буудай жебейт "
    2007-жылы чаккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн. Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыт жерлердин какырап, айдоо аянттарынын көбөйүшү, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет. "Жер эне" подкастында орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган канаттуулар жана алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет. Илимпоз менен кабарчыбыз Санжи Туйтунова баарлашты.
    26 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…