Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңылыктар | 16.05.2025 | Стамбулда орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды
    Орусия менен Украинанын 3 жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды.
    Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат. Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кандай майнап чыгышы мүмкүн? Сүйлөшүүгө барбай койгон орус президентинин көздөгөнү эмне? Эксперттер ой калчашат.
    Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко кайрылды.
    Бишкекте жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн өзбекстандык кыздын апасы жардам сурайт. Университетти быйыл аяктайм деп турган 25 жаштагы Азиза бир жарым айдан бери эсине келбей жатат.
    21 min
  • Жаңылыктар | 15.05.2025 | Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө Путин катышпайт, башкалар эмне дейт?
    Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө Путин барган жок. Ал Стамбулга төмөнкү деңгээлдеги технократтардан куралган делегацияны жөнөттү. Киев дагы ошого жараша кадам жасайбы?
    Жарандык активист Тилекмат Куреновдун сотко аксап, таяк таянып келгенин Атайын кызмат анын өнөкөт омуртка оорусуна байланыштырды. Аны "тергөө абагында уруп-согушкан" деген сөздөрдү четке какты.
    Курулуштагы кырсыктардын кескин көбөйүшүнөн улам Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Акыркы убактарда жылына жүздөн ашык кырсык катталууда.
    Жогорку Кеңеш Догдургүл Кендирбаеваны агартуу, ал эми Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жаңы структуралык түзүм тармакта кандай олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет?
    29 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Жаңылыктар | 18.04.2025 | Украинанын келечеги: Киевдеги кыргыздар эмне дейт?
    Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду, 70тен көп киши жабыркады. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүн баратканын ишарат кылды.
    Согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө эмнелер эске алынышы керек? Карапайым украиналыктардын пикири кандай? Киевдеги кыргызстандык менен маектешебиз.
    Кыргыз бийлиги "жергиликтүү "Капитал банк" орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты. Эмне себептен санкциялар маселесинде Кыргызстандагы банктардын аты аталууда?
    20 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…