Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңылыктар | 30.05.2025 | Айзиректин өлүмү: кыз-келинди ким коргойт?
    Беш баланын энеси Айзиректин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү - коомчулукту нес кылып, Кыргызстандын муфтийи эркектерге кайрылды. Кыз-келинди ким коргойт? Клооп Медианын оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов эки айга камалды. 7 журналист атайын кызматка сурак берип, айрымдарынын үйлөрүндө тинтүү жүрдү. АКШнын сунушу Газадагы апаатты токтото алабы? Ал арада Франция анклавда гуманитардык абал оңолбосо Израилге санкция саларын эскертти.
    17 min
  • Жаңылыктар | 29.05.2025 | Клооп Медиа: Журналисттер суралып, экөө кармалды
    Клооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды. Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты.
    Бишкекте алты курулуш компаниясына эскертүү берилди. Компаниялардын айрымдары лицензиясынан ажырап, кээлери ишин токтотту.
    22 min
  • Жаңылыктар | 28.05.2025 | 20 жылдык: Келинди күйөөсү атып салган
    Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Былтыр сот эркин басылманын ишин токтотуп, сайты бөгөттөлгөн эле.
    Газада cогуш башталганына 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз. Анклавды ачарчылык коркунучу тооруду.
    18 min
  • Жаңылыктар | 27.05.2025 | Пробация жана 50 миң сом айып. Жоомарт Карабаевге өкүм чыкты
    Көз карандысыз экспертиза жүргүзүүдө "күч органдары кийлигишерин" айтып чыккан Жоомарт Карабаевге сот пробациялык үч жылдык жаза чегерип, 50 миң сом айыппул салды. Карабаев өзү айыпты четке какты.
    Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү мурдагы чектөөнү алып салды. Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияга санкция салууну карап жатканы кабарланды.
    "Киргизия" конушундагы кызыл чектен чыгып кеткен деген дубалдары түрттүрүлгөн үй ээлери мэриянын үстүнөн сотко арызданат. Мэрия шаардын башкы планына ылайык иш жүрүп жатканын билдирди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 26.05.2025 | Трамп Путинди "акылдан адашты" деп сындады
    Укук коргоочу Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алды. Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада чуу чыкты.
    Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүүнүн алкагында Киргизия конушундагы үйлөрдү сүрдүрүү аракеттери башталды. Азырынча канча үй сүрдүрүлгөнү так эмес.
    16 min
  • Жаңылыктар | 23.05.2025 | Оштун казысы эмне үчүн кармалды?
    Орусия менен Украина бири-биринин аймактарына чабуулун улантууда. Бейшембиде Москвада жана башкалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды. Ош шаарынын казысы, дагы бир диний кызматкер кармалды. Атайын кызмат казыятта такай мыйзамсыз акча чогултулган деп айыптады. Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев эмне үчүн өлкөдөн чыга албайт? Ушундай эле чектөөгө камалып, кийин акталып чыккан журналисттер дагы кабылганын айтышты. 20 жылдан бери мугалим болуп иштеген, беш балалуу аял батирге муктаж. Мугалимдер менен дарыгерлер мамлекетик ипотекага кантип илинет?
    24 min
  • Жаңылыктар | 22.05.2025 | Вашингтон: Израилдин эки дипломаты өлтүрүлдү
    Вашингтондо үрөй учурган кылмыш - Израил элчилигинин эки дипломатын атып кетти. Кылмышка шектүү Чикагонун тургуну кармалды. Орус бийлиги мигранттардын кайда жүргөнүн көзөмөлдөйт. 30-июндан тарта Орусияга кирерден мурун катталуу керек. Жаңы чектөөлөр Орусияга бараткан кыргызстандыктарга кандай таасир тийгизет? Кыргыз тилине байланышкан талкуу парлементте күчөдү. Депутаттардын бири зарылдык десе, "популизм" деп сындагандар да бар.
    27 min
  • Жаңылыктар | 21.05.2025 | Орусия 20 миңдей мигрантты согушка салганы расмий айтылды
    Эркин журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Журналист айыптардын баарын четке кагып, айыпсыз экенин дагы бир жолу кайталады.
    Кыргызстанда кармалган орусиялык активист мекенинде "террорчулук" үчүн соттолду. Согушту айыптаган активистти сот 16 жылга кести.
    Бул арада Орусия 20 миңдей өзбек, тажик, кыргыз жаштарын "тутуп алып", согушка айдаганы расмий айтылды.
    Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин алар майдандын алдыңкы катарындагы кармаштарга катышып жатканын билдирди.
    БУУ Газага азык-түлүк, дары-дармек тез арада жеткирилбесе, арты апаатка алып келерин эскертүүдө.
    Эл аралык коомчулуктун, Еврошаркеттин сынына карабай, Израил Газадагы согушту кеңейтип, күн сайын анклавды аткылап келатат.
    23 min
  • Жаңылыктар | 20.05.2025 | Трамп Путин менен эмнени сүйлөштү?
    Жол эрежесин одоно бузгандар айдоочулук күбөлүктөн ажырап, аны кайра экзамен тапшырып гана ала алат.
    Ички иштер министрлиги айдоочуларды кайрадан сынакка жиберүүнүн тартибин иштеп чыкты.
    Трамп Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөрүн билдирди.
    Вашингтондун соңку аракеттерин кандай бааласа болот? Кремлдин көздөгөнү эмне?
    Кыргызстандын базарын кытай картөшкөсү каптады. Муну менен катар Орусиядан келген жылкы, бодо мал жана үй канаттуулардын саны 5-6 эселеп көбөйсө, Түркиядан ташылган жумуртка жалпы импорттун 80% жетип жатат.
    30 min
  • Жаңылыктар | 19.05.2025 | “Сахароводо” тыгында мигрант тепселип каза тапты
    Израилдик аскерлердин соккулары 18-майга караган түнү жана жекшембиде 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрүн жалмады. Тараптардын Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
    Орусиялык Телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканы тууралуу видеолорду жарыялады. Каза тапкан жаран Өзбекстандын жараны экени кабарланууда.
    Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ал Бишкектин Жылуулук электр борбору боюнча кылмыш иште 15 жылга, Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча иште 18 жылга кесилген эле.
    Октябрь окуяларындагы башаламандык маалында абактан чыгып кеткен мурдагы премьердин ишин кайра кароого эмне муктаждык жаралды? Эксперттер ой бөлүшөт.
    27 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…