Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңылыктар | 17.04.2025 | Кой-Таш иши: Атамбаев акталабы же камалабы?
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү.
    Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Орусиянын ТИМи Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады.
    23 min
  • Жаңылыктар | 16.04.2025 | Ош: Үй бузуу маалында 11 жаштагы кыз жаракат алды
    "Орусия менен Казакстандын эки ача пикири." Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Казакстанда кайрадан талкуу жаралды.
    "Табышмактуу каттан кийинки кармоо." Бишкекте эки күн мурда кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда.
    Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
    26 min
  • Жаңылыктар | 15.04.2025 | Карасартова камалды, Күрөңов дайынсыз
    Укук коргоочу Рита Карасартова кайрадан кармалып, 48 саатка камалды. Мунун алдында Карасартова Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган эле.
    Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Ага жанаша жайгашкан Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда.
    Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон Кой-Таш иши боюнча сотто жакын арада өкүм чыгары күтүлүүдө. Прокурор Атамбаев баштаган бир нече адамды 10-11 жылга эркинен ажыратууну сурады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 14.04.2025 | Москвада мигранттардын сабалышын депутаттар "зөөкүрдүк" деп аташты
    Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Москвада мончодо болгон окуя боюнча нота тапшырды. Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын аёосуз сабалышын депутаттар да айыптап, “зөөкүрдүк” катары сыпаттап жатышат. Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусуна жасаган кол салуусунан набыт болгондордун саны 35ке жетти. Бул жыл башынан берки эң кандуу чабуул болуп калды.
    Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, "мурдагы президентке чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат" деген чечим чыгарды. Бул коомчулукта талкуу жаратты.
    29 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Жаңылыктар | 11.04.2025 | Якутияда автокырсыктан беш мигрант каза болду
    Якутиянын Алдан шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын бир, Тажикстандын төрт жана каза тапты. Мигранттар бараткан Toyota Prius машинеси КАМАЗ жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн. АКШ менен Орусия туткун айырбаштап, Украинадагы кайрымдуулук уюмуна 51 доллар которгону үчүн Орусияда эркинен ажыратылган Ксения Карелина Америкага жеткирилди. Адамдарды үйлүү кылам деген “Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу кармалды. Ал 600дөн ашык кишиден 150 миллионго жакын акча алганын жана кайра кайтарып бере албай турганын айтты.
    21 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…