Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Кундуз туран жолборсундай жок болду"
    Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек? Дегеле Кыргызстанда дагы кайсы жапайы жандыктарды жок болуп кетүү коркунучу тооруп турат? “Жер эне ” подкастында зоолог, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков ушул маселе тууралуу айтып берет.
    29 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Кечки радио эфир | 16.02.2025 | Орусия Украинанага кайрадан "Шахед" дрондору менен чабуул койду
    16-февралга караган түндө Орусия Украинанын Николаев облусуна "Шахед" дрону менен чабуул жасады. Андан беш көп кабаттуу үй жабыркады. Өрт чыгып, кеминде бир адам жабыркаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Ким кабарлады.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 15.02.2025 | Бишкекте окуучунун өлүмүнө шектүү өспүрүм кармалды, Жумгалда окуучулар мушташып, бирөө жараат алды
    Судьялар кеңеши башкы прокурордун өтүнүчүн карап эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Баткендин чек аралаш аймактарында жыл башынан бери эле аткезчиликтин 50дөй учуру катталды. Эки күн мурун акка моюн сунган белгилүү журналист Нарын Айып бүгүн акыркы сапарга узатылды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 14.02.2025 | Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады
    “Дордой” базарындагы соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жатканын базардын администрациясы көзөмөлдөп, салык агентинин милдетин аткара турган болду. Орусиянын дрон соккусу Чернобыл атомдук электр станциясынын саркофагына же коргоочу калканына тийди. Кыргыз журналистикасынын корифейлерин бири Нарын Айып 73 жашында дүйнө салды.
    30 min
  • "Эндоскопия рак шишигин эрте аныктайт"
    Кыргызстандык онкологдор соңку жылдары кызыл өңгөч, ашказан, табарсык баштаган органдарга бычак тийгизбей операция жасоо ыкмасын өздөштүрүүдө. Алар сейрек жана рак ооруларын дарылоодо эндоскопия коопсуз жана заманбап ыкма экенин айтышат. Онкохирург Манучер Сафаров бул ыкманы сырттан окуп келген адистердин бири.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 13.02.2025 | MCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы камалды
    - MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
    - Бишкектеги мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү тергелип жаткан маалда Кара-Суу районунда мушташтан кийин окуучу ооруканада көз жумду.
    - АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…