Белгилүү укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова жаңы жыл алдында Кыргызстандан чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.
Белгилүү укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова жаңы жыл алдында Кыргызстандан чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Мамлекеттик бажы кызматынын айыптуу автоунааларды токтотуучу жайында Армения менен Абхазиядан келген 900дөй машине бар экенин билдирди.
"Азаттык" радиосунун кечки жарым сааттык чыгарылышы.
2025-жылдын 5-февралында Орусияда жүргөн 67 миңге чукул кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген жана алардын көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн. Бул жарандар аталган реестрден чыгып, банк карталарын бөгөттөн чыгаруу жана башка чектөөлөрдү алып салуу үчүн өздөрүнүн укуктук макамын жөнгө салууга - Орусияда жүрүү укугун мыйзамдаштырууга же Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Ал MCN coin'ге каражат салып кайра ала албай калган адамдар дагы деле арыз берип, алар териштирилип жатканын кошумчалады.
"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
1 hr
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.