Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөр
    Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп.
    16 min
  • Баланын башын сылаган фостердик үй-бүлөлөр
    Рапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат.
    12 min
  • Фатима Абдалова: "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
    "Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
    26 min
  • Карападагы гүл өсүп-өнүгүүгө өбөлгө
    Адам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмөдө өстүрүлгөн гүлдөр кишинин саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан.
    14 min
  • Бир үйдө үч майып бала баккан эне
    Адистер акыркы жылдары майыптыгы бар балдар көбөйүп жатканын айтышууда. Мамлекеттик "Жеткиликтүү өлкө" программасынын божомолу боюнча, 2020-жылдан бери майыптыгы аныкталган балдар жылына миңге арбып жатат. Бир үйдөн бир нече ден соолугунан мүмкүнчүлүгү четкелген балдар да төрөлүүдө.
    12 min
  • Азамат Алтай: Кыргыз деген атты өчүрбөй жүрдүм
    СССР маалында "Азаттык" радиосу кантип уюшулуп калган, кимдер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? 1953-жылы радионун кандай түптөлүп, кансыз согуш жылдары кандай иштегенин "Азаттыктын" кыргыз кызматын негиздегендердин бири Азамат Алтай 2004-жылы октябрда Венера Сагындык кызына айтып берген.
    24 min
  • Кожогелди Култегин: "Кээде жаран катары айрым маалыматтарды чектеп койчумун"
    Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегинди “Азаттыктан” кийин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын сүрөгөн ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеген. Аны менен радиодогу ишмердиги тууралуу маектештик.
    30 min
  • Багбанчылыкка баш-оту менен баткан чарбакер
    20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз
    16 min
  • Ырысбай Абдыраимов: "Аксы окуясынан ар бир бийлик сабак алыш керек"
    Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик.
    19 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…