Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Миграция балдары: сагыныч, кусалык, таарыныч
    Балдарын үйүндө калтырып, четте миграцияда жүргөн ата-энелердин перзенттеринин сагынычы жана анын кесепети тууралуу баян. Ошто туулуп өскөн Таалай Түгөлбаевдин ата-энеси ал беш жашында Орусияга иштегени кеткен. Кусалыкта чоңойгон Таалай азыр эки кыздын атасы. Балдарынан алыска кеткиси келбейт.
    9 min
  • Добушу таттуу Бактыгүл - "Азаттыктын" алгачкы аял кабарчысы
    "Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган Майра Жакып келинин эскеребиз. "Азаттыкты" түптөгөндөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулунун жубайы 2014-жылы Мүнхен шаарында 76 жашында дүйнө салган.
    22 min
  • Балдар эмне үчүн укпай калат?
    Дүйнөдө бир миллиарддан ашуун жаштар кулакчындан катуу музыка уккандыктан дүлөй болуп калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет. Ал арада Кыргызстанда балдар менен өспүрүмдөрдүн угуусун текшерген бир эле мамлекеттик сурдолог иштейт.
    16 min
  • Басмачылык кыймыл: далилдүү маалыматтан уламыш көп
    1918-1930-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу талаштуу пикирлерге азырга чейин чекит коюла элек. Басмачылар баатырларбы, талоончуларбы? Укуктук баа берүүдө эмнеге көңүл буруш керек? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы талкуулайбыз.
    19 min
  • Тынчтыкбек Чоротегин: "Азаттык" - Кыргызстандын эркиндигинин көрсөткүчү"
    Сөз эркиндиги жана өлкөнүн эгемендиги тууралуу кеп кылганда “Азаттыктын” ролу эбегейсиз экендиги талашсыз. “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Ал ““Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеген.
    39 min
  • Магнит, тыйын жутуп алган балдар
    Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат. Алардын көбү майып болуп каларын дарыгерлер эскертишет.
    15 min
  • Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазын
    Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз.
    23 min
  • Эсенбай Нурушев: Азыркы дүйнөгө акылгөйлүк жетпей турат
    Бул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду
    4 min
  • Советтик режим жашырган чындык: Херсондогу кыргыздар
    “Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдарында Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздар тууралуу белгилүү журналист жана публицист Амирбек Азам уулу, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын изилдөөлөрү менен тааныштырабыз.
    29 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…