Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Эмнеге баары депутат болгусу келет? (аудио)
    Эмне үчүн депутат болууга ашыккандар көп, мандат алуунун жолу оңойбу, анын мыйзамдык жана моралдык жоопкерчилигинде чек болушу керекпи, дегеле парламентаризмди канткенде калыптандырабыз? Ушул ж.б. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө сөз кылабыз.
    27 min
  • “Дин аркылуу башка адамдарды жакшы көрө баштадым”
    Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта автор эки кыргызстандыкты кепке тарткан. Алардын бири Нурбек ислам динин терең түшүнүп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун китептери жардам бергени жөнүндө баяндайт. Экинчиси Эрмамат бир мусулман катары бул жашоодогу максатына токтолот.
    22 min
  • Элитасы жок эгемендик (аудио)
    Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.
    25 min
  • “Дин тутунгандарды сыйлайм, эгерде алар мыйзам чегинде болсо”
    Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт. Химия, физика сыяктуу илимдер өнүккөнгө чейин, адамдар жаратылыштагы кубулуштарды сыйкырдуу күчтөр жасап атат деп ишенишчү. Ошол эле сыяктуу, балким, азыркы окуялардын толук түшүнүүгө дараметибиз менен аң сезимибиз өсүп өнүгө электигинен улам адамдан жогору турган күчтөргө, мисалы Жаратканга, байланып аткан болушубуз мүмкүн деп эсептейт.
    23 min
  • Партиялар идеологияга жараша бириккен жок (аудио)
    Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий күчтөрдүн биригүү мөөнөтү аяктады. Баш кошуу жөнүндө чечимдердин негизги критерийи эмне болуп жатат? Партиянын идеологиясыбы же талапкердин кландык, аймактык, материалдык таасири үстөмдүк кылып жатабы?
    23 min
  • Рухидин: Дин эскиликке эмес, бакытка үндөйт
    Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.
    24 min
  • Пандемия мени динге жакындатты
    “Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Анара Жумабаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусияда мигрант экенин, пандемия учурунда үйдө ишсиз жатып, диний амалдарга кызыга баштаганын айтып берет.
    5 min
  • Мурас, дин жана мыйзам
    "Биз жана дин" түрмөгүндө мураскорлук жана аялдардын мураска болгон укугу тууралуу сөз кылабыз. Мыйзамдуу эрежелерге диний көз караштын таасирин талдайбыз.
    12 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…