Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Исламдын кыргыз маданиятына тийгизген таасири
    Ислам дининин кыргыз тилине жана маданияты таасир этүү жараяны уланууда.
    Айрым замандаштарыбыз диний түшүнүктөр мусулманчылык аркылуу кыргыз элинин салтына азыр сиңирилип жатат дешсе, кээ бирөөлөр ислам дининин жөрөлгөлөрү эзелтен бери бизге жат болбогонун айтып келишет.
    Түркиянын «Стамбул Айдын» университетинин доктору, арабист Инаятулла Азимов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов ушул маселе боюнча маектешти.
    10 min
  • Шайлоо шаңы жана санаасы
    «Арай көз чарай» талкуусуна БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.
    25 min
  • "Чубак ажы илимди сүйгөн диниятчы эле"
    Таанымал диниятчы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 11-июлга оогон түнү 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Дин маселелери боюнча эксперт маркумду замандаштары менен чогуу эскерет.
    9 min
  • Шииттер: тиреш жана идеологиялык талаш
    «Биз жана дин» түрмөгүндө Ислам дининеги шииттер агымы, идеологиясы жана сунниттер агымы менен тирешке токтолобуз. Кыргызстандагы шииттер жамааты жана өлкөдөгү эки агымдын мамилеси жөнүндө дагы сөз кылабыз.
    13 min
  • Диний экспертиза же руханий коопсуздукка камкордук
    Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө диний маалыматты туура жеткирүү мамлекеттин руханий коопсуздугун камсыз кылууга багытталып, диний адабияттарды экспертизадан өткөрүү, аны талдоо жолго коюлган. Ал эми Кыргызстанда абал кандай?
    11 min
  • Президенттин кайчы пикир жараткан кайрылуусу (аудио)
    Президент Сооронбай Жээнбековдун пандемия күчөп турган маалда Жогорку Кеңеште элге жасаган кайрылуусу кызуу талкууланууда. Мамлекет башчынын сөзү республикадагы чыныгы абалды чагылдыра алдыбы? Коюлган талаптар ишеним жаратабы? Экономиканы турукташтыруу, коррупция менен күрөшүү чаралары үмүт арттырабы?
    24 min
  • Ханафилик-матуридилик мазхабы тууралуу маек
    “Азаттык” радиосунун “Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында ханафий мазхабынын матуриди ишеними туралуу сөз кылабыз. Теология илиминин доктору Медербек Кадыров менен эксперт Канатбек Мурзахалилов маектешти.
    10 min
  • Ник Мегорандын маеги
    Англиянын Ньюкасл университетинин саясий география боюнча профессору Ник Мегоран 2017-жылы «Борбор Азиядагы улутчулдук» аттуу китебин чыгарган. Ал июнь коогасынын тамырын Кыргызстандагы улутчулдук менен түшүндүрүп, ага тил, геосаясий жагдай жана биримдиктин жоктугу шыкак болуп жатканын жазган.
    7 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…