Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Элдик ырлардын касиети
    “Жан дүйнө” радио берүүсүнүн бул жолу чыгарылышында Кыргыз эл артисти, кыргыз үнүн дүйнүгө таанытып жүргөн ырчы Бакыт Шатеновдун чыгармачылыгы тууралуу кеп болот. Радио рубриканын бул жолку чыгарылышын кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов сунуштайт.
    12 min
  • Акеров: Атамбаев жакын арада камалышы мүмкүн
    Депутаттык комиссия менен Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюп жаткан дооматтары, анын кол тийбестигин алуу жана андан кийинки ыктымал чаралар тууралуу саясий талдоочу Табылды Акеровду кепке тарттык. Ага суроолорду Эрнист Нурматов узатты.
    6 min
  • Фрида Кало: кайгы-капага чөкпөгөн живописчи
    Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жантумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жандүйнөсүн ачып көрсөткөн сюреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
    13 min
  • Ар бир нота дирижердун жүрөгүнөн өтөт
    Бул жолу Эл артисти, дирижер, "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинин жетекчиси Рысбек Жумакуновдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Жумакунов угармандарга кыргыз классиктеринин бир нече чыгармаларын жогорку көркөмдүктө оркестрлештирген адискөй музыкант катары белгилүү.
    13 min
  • Молдалиев: Экс-президент «көпүрөнү» өрттөп жиберди
    Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине парламентте айтылган сын, аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу демилгелер жүзөгө ашышы мүмкүнбү? Жогорку Кеңеште жоон топ депутаттар эмнеге бир учурда бул маселеге кайрылышты? Ушул жана башка суроолорго саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жооп берди.
    6 min
  • «Саляновага камактан басым болушу мүмкүн»
    Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев камакта отурган экс баш прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болуп жатышы толук мүмкүн деп эсептейт.
    5 min
  • Москвада 600дөн ашуун казакстандык добуш берди
    Москва шаарында жана Москва облусунда 250 миңдей казакстандык бар. Москвадагы Казак элчилигинин имаратында ачылган шайлоо бекетинде добуш берүү жараяны тынч өтүп жатат. Бул тууралуу Москвадан Лазат Жаныбек кызы айтып берет.
    2 min
  • Кармоо менен коштолгон Казакстандагы шайлоо
    Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адамдар, алардын ичинде журналисттер да кармалды. Бул тууралуу Нур-Султандан кабарчыбыз Бакыт Асанов кеңири айтып берет.
    3 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…