Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Байтемир Ибраев: Экс-президент Батукаев ишине чекит койбой кеткен
    Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алуулар уланууда. Ушул аптада кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнга чейин абакта калтырды. Ошол эле кезде Жогорку кызматты аркалаган башка да адамдар камалабы жана бул териштирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевди да суракка тартууга негизи болобу деген талкуулар жүрүп жаткан кез. "Мындай пикирлерге экс-президенттин өз кезегинде Батукаевдин абактан бошоп кетүүсүн иликтеп, чекит койбой кеткени негиз берүүдө" дейт мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев.
    6 min
  • Жүрөгү Ала-Тоо деп соккон чехтин тукуму
    Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек; атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.
    13 min
  • Мааниси терең ыр картайбайт
    Немис ойчулу, композитор, акын Фридрих Ницшенин «Эй, адамдар, ташта менин образым, менин образдарымдын образы уктап атат!» деп айтканы бар. Ошол таштай каткан жанды ыр, күү, музыка жибитет.
    13 min
  • Саясатка курал болгон догдурлар
    Балдар онкологу Эмил Макимбетовдун камалышы коомдо бир топ ачакей пикирлерди жаратууда. Кыргыз медицинасында мындай кырдаалдын түзүлүшүнө эмне себеп болду. Өйдө жактын буйругун аткарган дарыгерди камоо кылмыштуулукту азайтабы? Канткенде саламаттык сакчылары саясаттан алыс тура алышат?
    25 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…