Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Десоветизация: кулчулук мүнөз, эки жүздүү саясат
    Орусиянын Украинага бастырып киргенден бери пост-советтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. Тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов, Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, тарыхка эки жүздүү саясат тууралуу талкуулайбыз.
    35 min
  • “Туткундагы жоокерлердин көбү кайтпай калган”
    Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө элек. Иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын айтымында, согуштун алгачкы жылдары туткунга түшкөн жоокерлердин көбү лагерлерде каза болгон.
    26 min
  • Азамат Алтайдын ЖАМУдагы мурасы
    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.
    14 min
  • Таластагы көтөрүлүш: совет бийлиги жашырган жазалоо
    1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз.
    32 min
  • Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедиялар
    Тарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз.
    24 min
  • Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлери
    Тарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз.
    37 min
  • Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөр
    Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп.
    16 min
  • Баланын башын сылаган фостердик үй-бүлөлөр
    Рапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат.
    12 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…