"Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.
Адам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмөдө өстүрүлгөн гүлдөр кишинин саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан.
Адистер акыркы жылдары майыптыгы бар балдар көбөйүп жатканын айтышууда. Мамлекеттик "Жеткиликтүү өлкө" программасынын божомолу боюнча, 2020-жылдан бери майыптыгы аныкталган балдар жылына миңге арбып жатат. Бир үйдөн бир нече ден соолугунан мүмкүнчүлүгү четкелген балдар да төрөлүүдө.
СССР маалында "Азаттык" радиосу кантип уюшулуп калган, кимдер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? 1953-жылы радионун кандай түптөлүп, кансыз согуш жылдары кандай иштегенин "Азаттыктын" кыргыз кызматын негиздегендердин бири Азамат Алтай 2004-жылы октябрда Венера Сагындык кызына айтып берген.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегинди “Азаттыктан” кийин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын сүрөгөн ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеген. Аны менен радиодогу ишмердиги тууралуу маектештик.
20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз
Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик.
Балдарын үйүндө калтырып, четте миграцияда жүргөн ата-энелердин перзенттеринин сагынычы жана анын кесепети тууралуу баян. Ошто туулуп өскөн Таалай Түгөлбаевдин ата-энеси ал беш жашында Орусияга иштегени кеткен. Кусалыкта чоңойгон Таалай азыр эки кыздын атасы. Балдарынан алыска кеткиси келбейт.
"Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган Майра Жакып келинин эскеребиз. "Азаттыкты" түптөгөндөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулунун жубайы 2014-жылы Мүнхен шаарында 76 жашында дүйнө салган.
22 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.