Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасында корей улутундагы 17 миңден ашыгыраак жаран жашаган. Акыркы 20 жылда өлкөдөгү корейлердин саны эки жарым миңге кыскарган.
Ири таштанды жайларына ыргытылган пакет, желим бөтөлкө сыяктуу жеңил таштандылар шамал менен учуп, башка аймактарды каптаганы чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул боюнча Талас шаарындагы полигондун мисалында сөз кылабыз.
Жалпы 53 гектар жерди ээлеп жаткан Оштогу таштанды полигону элдүү конушка жакын болсо да ушул күнгө чейин айланасы тосулбай турат. Шаар аймагынан күн сайын 1200 куб таштанды чыгарылат. Бирок таштандынын желим, айнек же темир-тезеги өз-өзүнчө бөлүнбөй туруп полигонго төгүлөт.
Мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө ыргытылган малдын өлүгү таштандыга байланышкан чоң көйгөй деп саналат. Эчки-Башы айыл өкмөтү тарпты ыргытуу үчүн жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен атайын чуңкур да даярдашкан.
Евгения Алексеевна Малеина - атактуу “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөттү тарткан Семён Афанасьевич Чуйковдун зайыбы. Ал живопись, натюрморт, портрет жанрында иштеп, чоподон да декоративдүү идиштерди жасаган.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.