12-декабрда Кыргызстанда адабият күнү белгиленип жатат. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Азаттык” радиосунун архивине жазылып калган маегин жана ал тууралуу макаланын аудио түрмөгүн сунуштайбыз.
Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган. Өмүштүн ортончу кызы Балбүбү 78 жылдан кийин, карылыкка жеткенде атасынын изин издеп Орусияга акыркы жылдары эки ирет каттап, акыры тапты.
Бул жолу “Жан дүйнө” түрмөгүнөн кыргыз адабиятына отузунчу жылдары келген акын, куйкум сөзү, өзгөчө жоруктары менен эл эсинде калган Мидин Алыбаев тууралуу угасыздар.
"Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн бүгүнкү уктуруусунда бүт дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү музыкалык чыгарма -- Михаил Огинскийдин "Полонези" тууралуу сөз болот.
Урматтуу угарман, эми сөз кезегин "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнө берсек. Бул жолку уктурууда азыркы учурдун эң эле атактуу опера ырчысы, "Италия операсынын примадоннасы" деген атакка ээ болгон Чечилия Бартоли тууралуу сөз кылмакчыбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов обого алып чыкты.
9 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.