Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Фидел Кастро акыркы коммунист
    Кубанын бүт дүйнөгө белгилүү лидери, бул мамлекетти дээрлик 50 жыл башкарган, көзү өткөнгө чейин ар дайым прессанын, дүйнөнүн көңүл борборунда турган Фидел Кастро 90 жашында дүйнөдөн өттү.
    7 min
  • Үркүн тагы (2-бөлүк)
    «Тарых жана тагдыр» түрмөгүнүн бул жолку адабий-музыкалуу уктуруусу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Эки бөлүктөн турган бул уктуруунун экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов даярдады.
    10 min
  • Үркүндү от алдырган себептер (1-бөлүк)
    «Тарых жана тагдыр» түрмөгүнүн бул жолку адабий-музыкалуу уктуруусу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Эки бөлүктөн турган бул уктуруунун биринчи бөлүгүндө көтөрүлүштүн башталышы жана кыргыз элинин Кытай жергесине бет алышы тууралуу сөз болот. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов даярдады.
    8 min
  • Луи Армстронг - америкалык гений
    “Америкалык гений”, “дүйнө маданиятына таасир эткен музыкант”, “жаз музыкасынын атасы”, “жаз мырза” … Ушул жана ушул сыяктуу салыштыруулар жана мактоолор улуу музыкант, батыш маданиятынын эң эле таанымал өкүлдөрүнүн бири Луи Армстронг туурасында айтылган мактоолор. Мактоо эмес, анын зор талантына берилген татыктуу баалар.
    12 min
  • Жаныбек казынын баскан жолу
    Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылып, Кытай, Пакистан, ооган мамлекеттерине баш калкалап кеткен кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Жаныбек Казы Сагынбай уулу жөнүндө тарыхый драманы жакында Жалал-Абад облустук театры көрүүчүлөргө тартуулады. 1869-жылы Өзгөн районунда туулуп, 1933-жылы Пакистанда көзү өткөн Жаныбек казынын чөбөрөсү Алмаз Зулпукаров тарыхый инсандын драмада камтылган жана камтылбай калган өмүр тагдыры тууралуу “Азаттыкка” келип, сыябан маек куруп берди. Маекти Бурулкан Турдубек кызы уюштурду.
    13 min
  • Эки татаал кесиптин ээси - Карел Абдыкулов
    Карел Абдыкулов эки татаал кесипти айкалыштырган инсан: режиссер жана кинооператор. Ал эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алган “Отто Барч”, “Жорго”, “Тушоо кесүү” сыяктуу жана башка даректүү фильмдерди тарткан. Кыргыз Эл артисти кыргыз элинин тарыхы менен үндөш өмүрүнүн айрым урунтуу учурлары жөнүндө “Тарых жана тагдыр” түрмөгүндо айтып берет.
    14 min
  • Улуу Үркүн алдындагы экономика
    XX кылымдын башы жана 1916-жылкы кыргыздарды Кашкарга тозуткан Үркүн алдындагы Кыргызстандын чарбалык-экономикалык абалы кандай болгон? Падышалык Орусия Орто Азия чөлкөмүн басып алгандан кийин бул жерде кандай саясат жүргүзгөн?
    14 min
  • Шаймерден: Үркүн мени арабөк кылды
    Ибраимов Шаймерден - Улуттук боштондук көтөрүлүштө Кытайга ооп кеткен кыргыздардын үчүнчү мууну. Ал Үркүндөн 80 жыл өткөндөн кийин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Үркүнгө кеткендердин урпагы аталарынын Шинжаңда кечирген күнү тууралуу маек курду.
    10 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…