Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.
March 27, 2025Азаттык: Кечки радио эфир | 27.03.2025 | "Жылына 20% кошулат". Энергетикадагы тариф кандай өзгөрөт?Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы өсө турганын билдирди. Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки программанын алкагында тарифти жыл сайын 20% көтөрүп туруу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган....more31minPlay
March 26, 2025Кечки радио эфир | 26.03.2025 | Армениянын ЕБге кошулуу жараяны тууралуу мыйзам кабыл алындыШаршембиде армян парламенти “Армения Республикасынын Еврошаркетке мүчө болуу жараянын баштоо жөнүндө” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Ага 64 депутат макул, жетөө каршы добуш берди. Добуш берүүгө өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарян башында турган “Армения” оппозициялык альянсынын депутаттары катышкан жок....more30minPlay
March 25, 2025"Эненин тиши кариес болсо балага өтөт"Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапатыбы, экологиянын бузулушубу же билим деңгээлинин түшкөнүбү? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек? Эшикте ойногон балдардын тиши таза болобу? Тиштеги бактериялар жүрөк оорусуна себепкерби? Сөөк кемирүү же катуу алма чайноо тишти бекемдейби? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Албина Закирова жооп бермекчи....more25minPlay
March 25, 2025Кечки радио эфир | 25.03.2025 | Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибиндеМурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талаш-талкууга кабылды. Буга Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду. Ал Бакиевдин уулу Максимге жана анын өнөктөштөрүнө таандык "Элкат" компаниясы мамлекетке өткөнүн, эгер мурдагы президент Кыргызстанга келсе ушул өңдүү бир катар кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө болмоктугун белгиледи. Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген....more30minPlay
March 24, 2025Кечки радио эфир | 24.03.2025 | Жол эрежесин билбегендер айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайбы?Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Жол эрежелерин билбесе, айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт). Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды....more30minPlay
March 24, 2025Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
March 23, 2025Кечки радио эфир | 23.03.2025 | Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалдыТүркияда сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди. Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Экрем Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан. Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган....more30minPlay
March 22, 2025Азаттык: Кечки радио эфир | 22.03.2025 | Британия Орусиянын 30 млрд евролук активдерин камакка алдыУлуу Британия союздаш өлкөлөрү менен биргелешип, Орусияга Украинадагы согушун баштагандан берки эң катаал санкция киргизди. Бул тууралуу 21-мартта британ Каржы министрлиги билдирди.Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 25 млрд фунт стерлингден (дээрлик 30 млрд евро) ашуун орусиялык активдер камакка алынды....more30minPlay
March 21, 2025Кечки радио эфир | 21.03.2025 | Эл аралык миграция уюму: 2024-жылы мигранттардын өлүмү көп катталдыЭл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган.“Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн көбөйүшү кабыл алынгыс жана алдын алууга мүмкүн. Ар бир сан – бул адамдын тагдыры, анын жоголушу үй-бүлөлөр үчүн чоң трагедия”, – деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Угочи Дэниэлс....more30minPlay
March 20, 2025Кечки радио эфир | 20.03.2025 | Түркияда миңдеген киши Стамбул мэринин кармалышына каршы акцияга чыкты...more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.