Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.
March 19, 2025Кечки радио эфир | 19.03.2025 | Путин менен Трамп эмнени макулдашты?Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болду....more30minPlay
March 18, 2025Кечки радио эфир | 18.03.2025 | "Азатлык": Ашхабадда турмушка чыга элек аялзаты сары жоолук салынууга милдеттүү болдуАшхабадда күйөөгө чыга элек аялдарды сары жоолук салынып жүрүүгө милдеттендиришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн редакциясы «Азатлык» радиосу жазды. Маалыматка караганда, аял-кызматкерлерге ошондой тартип киргизген иш берүүчүлөр «үстү жактан» түшкөн көрсөтмөгө шилтеме кылганы менен кимден экенин тактаган жок....more30minPlay
March 17, 2025Азаттык: Кечки радио эфир | 17.03.2025 | Эки наристеге кайрымдуулук, парламентте көтөрүлгөн маселеКыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен 28 бала ооруйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-марттагы жыйынында “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова билдирди....more30minPlay
March 17, 2025Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
March 16, 2025Кечки радио эфир | 16.03.2025 | Украинадагы согушта мерт болгон 98 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталдыОрусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 97 994 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.Иликтөөнүн авторлору учурда алардын колунда такталып жаткан дагы 10 миңдей билдирүү бар экенин маалымдашты....more30minPlay
March 15, 2025Кечки радио эфир | 15.03.2025 | Зеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирдиУкраинанын президенти Владимир Зеленский украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы операциясы аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал аталган облустун украин аскерлери ээлеп алган Суджа шаарын Орусиянын армиясы бошоткондон бир күндөн кийин маалымдады.Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын чек арадагы Курск облусуна чабуулун 2024-жылдын августунда баштаган. Согушка чейин 5 миңдей калкы бар Суджа Орусиянын Украина ээлеп алган аймагындагы эң ири шаар болду....more30minPlay
March 14, 2025Кечки радио эфир | 14.03.2025 | “Коопсуз шаар” ишке берилгенден бери 4 млрд сомдон ашык айып пул түштүБишкек шаарында жана Чүй облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилген 2019-жылдын 4-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузгандарга 6 млн 649 миң электрондук токтом чыгарылды. Анын ичинен 5 млн 677 миң токтом боюнча 4 млрд 780 млн 191 миң сом өндүрүлгөн. Калгандары боюнча иш жүрүп жатат.Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын 14-марттагы жыйынында айтты....more30minPlay
March 13, 2025Кечки радио эфир | 13.03.2025 | Трамп Москва сунушка көнбөсө Орусияга каршы "кыйратуучу чаралар" көрүлөрүн эскерттиАКШнын президенти Дональд Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Америка бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскертти. 12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп Орусияга карата эң катаал билдирүү жасады....more30minPlay
March 12, 2025Кечки радио эфир | 12.03.2025 | Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келдиТажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Кыргызстандын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, мамлекеттик сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат. Эки тараптуу документтерге кол коюлат....more30minPlay
March 11, 2025Кечки радио эфир | 11.03.2025 | Сауд Арабиясында Украина-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталдыСауд Арабиясынын Жидда шаарында Украина менен АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Ага Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышууда....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.