Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.
December 28, 2024"Өкмөттө иштегендерге дене көнүгүүлөрү керек"Мамлекеттик кызматкерлерге дене көнүгүүсү эмнеге керек? Климаттын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал курчушу мүмкүнбү? Акыркы жылдары каптаган ыш ден соолукка кандай таасир этип жатат? Бул жана башка суроолорду Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбековго узаттык....more25minPlay
December 25, 2024Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арчага” жашырылганбы?Айрым тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт. Ал жерде мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковдун, Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табылышы мүмкүн. Тарыхчылар ал жайларды изилдөөгө бийликтен уруксат сураган....more23minPlay
December 23, 2024Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
December 17, 2024Колыма лагерине айдалган кыргыз: 80 жылдан кийин табылган документтер1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесовдун катаал тагдыры, ал тууралуу жарым кылымдан кийин урпактары тапкан архив документтер тууралуу кеп кылабыз. Элебесов юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон. Талкууга чоң атасы тууралуу архив маалыматтарды чогулутуп, китеп жазган небереси Айгүл Осмонова, даректүү тасма тарткан режиссер Асанкожо Айтикеев катышты....more1h 6minPlay
December 16, 2024"Жатын рагынан эмдөө сактайт, эмчек рагы тукум кууйт"Кыргызстанда өткөн жумаларда 120га жакын онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды. "Сергек жашоо" подкастында медицина илимдеринин доктору, онколог Рысбек Абдылдаев санарип лабораториянын өзгөчөлүгү, Жасалма интеллекттин ооруну аныктоодогу жардамы жана ракты дарылоодо кыргыз медицинасын артка тарткан себептер тууралуу айтып бермекчи....more31minPlay
December 16, 2024Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
December 09, 2024Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
December 02, 2024"Кант диабети бөйрөк менен көздү талкалайт"Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 84 миңден ашуун адам кант диабети менен каттоодо турат. Адистердин айтымында, дартка чалдыкканын билбей жүргөндөр мындан көп болушу мүмкүн. Кант диабети жылдан жылга жашарып баратабы? Бул ооруга чалдыккан адам эмнеге жашоо таризин өзгөртүшү керек? “Сергек жашоо” түрмөгү бүгүн ушул маселеге арналды....more30minPlay
November 21, 2024“Жерди казганда эле сөөктөр чыкты”. Репрессияда атылгандар жапырт көмүлгөн жай11-ноябрда Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-30-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. “Куугунтук курмандыктарында” бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессия маалында атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз....more40minPlay
November 07, 2024Кыргызстандагы сыры ачылбаган аялдар лагериКыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү. “Куугунтук курмандыктары” подкастында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова жана “Эсимде” изилдөө аянтчасынын тарыхчысы Гүлзат Алагөз менен талкууладык....more51minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.