Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.
November 04, 2024Кордук көргөн секелек, адилеттик издеген энеӨмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз."Адилеттик издейм" подкастына өспүрүм кызы күйөөсүнүн жакын тууганынан ыдык көргөнүн айткан эне кайрылган....more29minPlay
October 31, 2024"Сөөк морт болуп, чорт сынат". Аялдарга өч остеопорозАдистердин маалыматында, остеопороз дүйнөдө жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана рак ооруларынан кийин төртүнчү орунда турат. “Сергек жашоо” подкастында бүгүн адамды майыптыкка жеткирген остеопороз жана бул дарттын пайда болуу себептерин кеп кылабыз. Бул дартка чалдыккан бейтаптарды тыңдайбыз. Ошондой эле эндокринолог дарыгер Дилбар Сатарова менен маек курабыз....more33minPlay
October 28, 2024Борбор Азия: Бурмаланган тарых, ойгоно элек эс тутумЭгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз....more51minPlay
October 26, 2024“Төртөө камалып, экөө атылган”. Бир үй-бүлөнү кайгыга салган репрессияЖусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар белгисиз болуп келген? Анын Кара- Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси болгон? Бул суроолорду Жусуп Кангелди уулунун неберелери, географ илимпоз Саламат Аламанов жана Нурлан Кангелдиев менен талкуулайбыз....more1h 4minPlay
October 14, 2024"Омурткасы ооруган жаштар көбөйүүдө"Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн биз ушул суроого жооп издейбиз....more25minPlay
September 30, 2024Рак тооруган балалыкКыргызстанда соңку жылдары рак илдетине чалдыккан балдар үчүн жардам чогулткан жарнамалар көбөйдү. Мындан улам коомчулукта “балдар арасында рак илдети жайылууда” деген пикирлер арбын. "Сергек жашоо" подкастында ушул суроого жооп издеп, Бишкектеги балдар онкологиясына бардык....more30minPlay
September 25, 2024“Эркин-Тоодогу” элдин үнү, атылган агартуучуларКыргыздын төл гезити “Эркин Тоонун” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарыкка чыкканына 100 жыл болду. Бир кылым ичинде катаал тоталитардык доорду, репрессияларды жашаган басылманын тарыхы, ошол доордо кандай макалалар жазылганы тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев, белгилүү публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев менен талкуулайбыз....more46minPlay
September 03, 2024УТРК Спорт каналынын көшөгө артындагы көйгөйлөрүУТРК Спорт телеканалынын жамааты Париждеги Жайкы Олимпиаданы чагылдырууда чыңалуу абалында иштеди. Анын себептерин каналдын продюсери Шайырбек Арапов "Сергек жашоо" подкастында айтып берди. Каналдын дарегине айтылган сын-пикирлер, лицензия сатып алуудагы көйгөй жана тил саясаты жөнүндө да сөз болот....more35minPlay
August 25, 2024“Дарыгерлер психологго муктаж”"Сергек Жашоо" подкастынын коногу – Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Талант Калыков. Ал элди сергек жашоого үндөп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту тыюуга чакырып, кыздарга аталардын колдооcу канчалык маанилүү экенин даңазалап жүрөт....more19minPlay
July 31, 2024"Азиздердин футбол командасын түзөбүз"Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 522 episodes available.