Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 19.02.2025 | Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат
    Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга ("Сахарового") барышты. Учурда ал борбордо 75 кыргызстандык (мунун ичинен жетөө аял) кармалып турат. Элчиликтин кызматкерлери укуктук кеңеш берип, суроолорго жооп беришти. Алар борбордун кармоо шартына нааразылыгын айткан эмес.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 18.02.2025 | Кыргыз паспортун саткан орусиялык ортомчулар
    Үч жыл мурун Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш баштагандан бери кыргыз паспортун алууга кызыккан орусиялыктар үчүн гүлдөгөн жаңы рынок пайда болду. Ар кандай визалык чектөө, санкцияларга туш болгон орусиялыктарга кыргыз паспорту чет өлкөлөргө чыгууда бир топ жеңилдик берет. Ошол эле маалда коңшулаш өлкөлөрдөн жер которуп келген этностук кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алууда кыйынчылыктарга туш болот.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 17.02.2025 | АКШда Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашуун мигрант Панамага депортацияланды
    АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын New York Times жана Reuters жазды. Маалыматта 12-февралдын кечинде Калифорниядан чыккан Кошмо Штаттардын аскердик-аба күчтөрүнүн учагында 119 киши болгону, алардын арасында Өзбекстан, Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан жана Түркиядан барган үй-бүлөлөр бар экени айтылган.
    1 hr
  • "Кундуз туран жолборсундай жок болду"
    Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек? Дегеле Кыргызстанда дагы кайсы жапайы жандыктарды жок болуп кетүү коркунучу тооруп турат? “Жер эне ” подкастында зоолог, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков ушул маселе тууралуу айтып берет.
    29 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Кечки радио эфир | 16.02.2025 | Орусия Украинанага кайрадан "Шахед" дрондору менен чабуул койду
    16-февралга караган түндө Орусия Украинанын Николаев облусуна "Шахед" дрону менен чабуул жасады. Андан беш көп кабаттуу үй жабыркады. Өрт чыгып, кеминде бир адам жабыркаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Ким кабарлады.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…