Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 11.02.2025 | Орусияда 67 миңдей кыргызстандык көзөмөл реестринде экени айтылды
    2025-жылдын 5-февралында Орусияда жүргөн 67 миңге чукул кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген жана алардын көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн. Бул жарандар аталган реестрден чыгып, банк карталарын бөгөттөн чыгаруу жана башка чектөөлөрдү алып салуу үчүн өздөрүнүн укуктук макамын жөнгө салууга - Орусияда жүрүү укугун мыйзамдаштырууга же Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 10.02.2025 | MCN coin чуусу: 900гө жакын кишиге 1 млн 700 миң доллар кайтарылды
    MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Ал MCN coin'ге каражат салып кайра ала албай калган адамдар дагы деле арыз берип, алар териштирилип жатканын кошумчалады.
    30 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Кечки радио эфир | 09.02.2025 | Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди
    Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бирок ал качан болгонун тактаган жок. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп берген эмес.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 08.02.2025 | Темирлан Султанбеков сотко жеткирерде кайрадан эсин жоготкону кабарланды
    Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев аталган партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготуп, "Тез жардам" чакыртылганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Султанбеков Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында экенин жазды.
    Султанбековдун жактоочуларынын билдиришинче, Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартууну карамак. Отурум тууралуу алдын ала айтылган эмес жана адвокаттарга процесске бир саат калганда гана кабар берилген.
    Бишкек шаардык ички иштер башмармалыгы жана сот органдары азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…