Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасында корей улутундагы 17 миңден ашыгыраак жаран жашаган. Акыркы 20 жылда өлкөдөгү корейлердин саны эки жарым миңге кыскарган.
Kloop.kg сайтынын негиздөөчүсү Бектур Искендер 8-мартта жүрүштө ЛГБТ өкүлдөрү өз укугун коргоо үчүн чыкканын белгилеп, аларга карата терс реакция жасап жаткандарды, анын ичинде депутаттарды гомофобиялык көз караштардан арылууга чакырды.
Евгения Алексеевна Малеина - атактуу “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөттү тарткан Семён Афанасьевич Чуйковдун зайыбы. Ал живопись, натюрморт, портрет жанрында иштеп, чоподон да декоративдүү идиштерди жасаган.
Бишкекте 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Жол эрежесин бузгандарды аныктоо тартиби кандай өтөт? Айып пулду жалаң гана автоунаа ээлери төлөп калабы? Автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигин ким текшерет?
Кыргыз кинематографиясы 1941-жылдан башат алат. Бирок Рая Шаршенова эже 1960-жылдарга чейин тасмадагы кадрлардын керектүүсүн кесип алып, кайра жалгаштырып, фильмге сюжеттик линия берген.
6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда көп кабаттуу үй кулады. Түрк бийлиги кеминде 3 киши каза таап, 10дон ашуун адам ооруканага түшкөнүн билдирди.
29-январда коррупциянын деңгээлин иликтеген "Трансперенси Интернешнл" уюмунун 2018-жыл боюнча баяндамасы жарык көрдү. Анда Кыргызстан былтыркыдан төрт тепкичке өйдө жылып 132-орунга көтөрүлгөн, бирок уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли анча өзгөрбөгөнүн айтууда. «Transparency International Kyrgyzstan» борборунун өкүлү Адылбек Шаршенбаевдин маеги.
Өсүмдүктөрдүн гүлү аарылардын үнүн угат. Туздуу кыртышта өскөн чөптөн биоотун жасалды. Бактылуулук абанын сапатына көз каранды. Узун өмүрдүн гени мураска берилет.
6 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.